super.kg logo
  Спорт  

Жомок соңуна чыкты. Орусия Хорватиядан пенальтилер сериясында жеңилип чемпионатты таштап кетти

 

Жалпыңыздарга кутмандуу түн каалоо менен бирге SUPER.KG порталы Орусия-Хорватия оюнун алдыңыздарга сунуш кылат. Чейрек финалдын акыркы жубу бүгүн жарым финалга чыгуучу соңку жолдомону талашмакчы. Эксперттердин айтымында, беттештин фаворити Хорватия болуп эсептелгени менен, үй ээси болгон орусиялыктар деле оңой менен намысты тарттырып ийбейт. Андыктан бүйүр кызытчу оюнду биз менен бирге күзөтүңүздөр!

Дарбазачы: Игорь Акинфеев ("ЦСКА", Москва).
Коргоочулар: Федор Кудряшов ("Рубин", Казань), Марио Фернандес, Сергей Игнашевич ("ЦСКА", Москва), Илья Кутепов ("Спартак", Москва).
Жарым коргоочулар: Александр Головин ("ЦСКА", Москва), Александр Самедов, Роман Зобнин ("Спартак", Москва), Юрий Жирков, Далер Кузяев ("Зенит", Санкт-Петербург),
Чабуулчу: Артем Дзюба ("Арсенал", Тула).
Башкы машыктыруучу: Станислав Черчесов (Орусия).

Дарбазачы: Даниел Субашич ("Монако", Франция).
Коргоочулар: Домагой Вида ("Бешикташ", Түркия), Иван Стринич ("Сампдория", Италия), Деян Ловрен ("Ливерпуль", Англия), Шиме Врсалько ("Атлетико", Испания).
Жарым коргоочулар: Лука Модрич ("Реал Мадрид", Испания), Иван Ракитич ("Барселона", Испания), Марцело Брозович ("Интер", Италия)
Чабуулчулар: Марио Манжукич ("Ювентус", Италия), Иван Перишич ("Интер", Италия), Никола Калинич ("Милан", Италия), Анте Ребич ("Айнтрахт", Германия).
Башкы машыктыруучу: Анте Чачич, Златко Далич (Хорватия).

Башкы калыс: Рикки Сандро (Бразилия)

23:35. Оюн өтүүчү Сочи шаарынын "Фишт" стадионунда күйөрмандардын маанайы жакшы. Оюнчулардын машыгуусуна көңүл буруудабыз.

23:54. Оюнчулар талаага чыгып эки өлкөнүн гимндери жаңырды.

00:00. Калыстын ышкырыгы жаңырып, топту ортодон хорватиялыктар кошту. Кеттик!

00:10. Оюндун алгачкы мүнөттөрү укмуштуудай темп менен башталды. Топ эки команданын тең башкаруусунан өтүп, эки тарапка тең кооптуу абалдар орун алды.

00:13. Самедовдун чыгарып берген тобун чабуулчулар дарбазага багыттай алган жок. Кооптуу абалды хорватиялыктар тосуп алышты.

00:15. Хорватиянын айып соккусун Ракитич аткарып, топ дарбазадан өйдө кетти.

00:16. Орусиялыктардын дагы бир кооптуу абалы орун алды. Оң канаттан кирип барган топко Субашич биринчи жетти.

00:17. Хорваттар топту башкарууга аракет кылганы менен, орусиялыктардын каршы чабуулдары кооптуу болууда.

00:19. Акинфеевдин тепкен тобу туптуура Субашичке чейин жетти.

00:20. Орусиялыктар топ менен чабуулун өнүктүрүүгө аракет кылууда.

00:23. Модрич борбордук бөлүктө өз командасынын оюнун башкарууда.

00:24. Орусиялыктар өз жарым талаасынан чыгуу аракетинен майнап чыкпай жаткан учур.

00:25. Оюн талаасында эреже бузуу катталып, топ коноктордун карамагына өттү.

00:27. Талаа ээлери - кызыл, коноктор ак формада оюн өткөрүп жатканын айта кетели.

00:28. Хорватиялыктардын чабуулу орун алып, топ Акинфеевдин дарбазасынын жанынан өттү.

00:30. Орусиялыктар айып сокку аткарып, көтөрүлгөн топ Субашичтин колуна багытталды.

00:31. Го-о-о-о-о-л! Орусиянын позициялык чабуулунун негизинде Денис Черышев алыстан таамай сокку узатып, эсепти ачты. Керемет гол!

00:33. Коноктор дароо жооп берүүгө бел байлап, айып сокку аткаруу укугуна ээ болду.

00:34. Айып сокку голго алып келген жок. Дзюбага каршы эреже бузуу катталып, Ловрен сары кагазга ээ болду.

00:36. Орустар дагы бир контр-чабуул аткарып, Марио Фернандес сокку узатууга жетише алган жок.

00:40 Го-о-о-о-о-л! Крамарич! Коноктордун ылдам чабуулу орун алып, көтөрүлгөн топту Крамарич дарбазага багыттай алды.

00:43. Орусиялыктар кооптуу абал уюштурушту. Бирок эреже бузулуп, топ конокторго өттү.

00:45. Көз ачып жумганча 45 мүнөт жыйынтыкталды. Бул оюндун абдан кызык өтүп жатканынан кабар берет. Башкы калыс 2 мүнөт кошту.

00:49. Эки мүнөт жыйынтыкталып командалар эс алууга кетишти.

1:03. Оюндун экинчи бөлүгү башталды. Алмашуу жок.

1:04. Топ хорватиялыктардын карамагында. Топту башкаруу боюнча коноктор бир топ алдыда.

1:05. Карамаричтин дагы бир соккусун орус коргоочулары тосо алышты.

1:10. Коноктордун аткаруусундагы кооз соккуну көрө алдык. Албетте, таамай эмес.

1:13. Орусиянын курамында алмашуу: Самедовдун ордуна Ерохин чыкты.

1:14. Орусиялыктар жеңиш үчүн эң алгач Лука Модричти токтотуусу кажет. Анткени бардык оюн капитан аркылуу өтүп, оюндун тизгинин башкарууда.

1:15. Дзюбанын аракети менен үй ээлери каршы чабуулга чыгып, бирок сокку менен жыйынтыктай алган жок.

1:16. Ребичтин алыстан жасаган соккусу таамай чыккан жок. Орусия позициялык чабуулга чыгуу аракетинде.

1:17. Талаа ээлери топту жоготуп, капталдан коноктор чыгарат.

1:18. Мына сага! Перишичтин бош дарбазага тепкен тобу мамычага тийип, кайра сыртка чыгып кетти. Өз үйүндө Орусияга "дубалдар" да жардам берүүдө.

1:20. Орусия жооп берүүгө аракет кылып, Дзюбанын башы менен багыттаган тобун Субашич тосуп калды. Албетте, бул сокку коноктордун соккусундай кооптуу болду дегенден алыспыз.

1:23. Хорватия үстөккө босток чабуул уюштурууга бел байлагандай. Арты-артынан кооптуу соккулар жасалууда.

1:24. Коноктор өз жарым талаасында топ менен позициялык чабуулга чыгууга аракет кылууда.

1:25. Алмашуу: Алгачкы голдун автору Черышев талааны таштап, ордуна Головин кирди.

1:28. Орусиянын чабуул уюштуруусуна шарт түзүлгөн. Бирок Артём Дзюба офсайд абалында болуп калган.

1:29. Орусиялыктарга топ тиер замат кайра катага жол берилди. Коргонууга көп күч жумшаган оюнчулар чарчагандай түр көрсөтүүдө.

1:30. Ерохиндин аткарган соккусу дарбазадан өйдө кетти. Муну жарым кооптуу абал катары бааласак болот.

1:31. Ракитичтин оң канаттан кирип баруусун Кузяев токтото алды.

1:32. Хорватиянын курамындагы Стринич талааны таштап, ордуна Пиварич чыкты.

1:34. Кооптуу абал орун алды. Хорватиянын оюнчулары катары менен жасаган үч соккунун бири дагы Акинфеевге жеткен жок. Баарын коргоочулар өздөрүнө кабыл алышкан.

1:36. Бурчтан чыгаруу натыйжасыз болуп, топту Игорь Акинфеев оюнга кошот.

1:37. Дзюба оюн талаасынан кетип, Юрий Газинский оюнга чыкты.

1:38. Ерохин чыгары менен чабуул баштап, чыгарылган топ борбордук бөлүккө келген. Бирок топко атаандашы биринчи жеткен.

1:40. Станислав Черчесов борбордук бөлүктү чыңдаганына күбө боло алдык. Ал кандай жыйынтык көргөзөт алдыда көрө жатарбыз...

1:43. Хорват коргоочусу топту колу менен токтоткону үчүн айып сокку орун алат.

1:44. Көтөрүлгөн топту Хорват коргоочулары тосо алышты.

1:45. Кол менен ойноо кезеги эми орусиялыктарда. Бирок бул ирет борбордук бөлүктө.

1:46. Модричтин бурчтан чыгарган тобу дарбазага таамай багытталган жок.

1:47 Алмашуу: Крамаричтин ордуна Реал Мадрид оюнчусу Матео Ковачич чыкты.

1:48. Хорват дарбазачысы - Субашич жаракат алгандай көрүнөт. Көз жашын тыя албаган Даниелдин ордуна азырынча эч ким чыга элек.

1:49. Беттештин негизги убактысы жыйынтыкталып, калыс 5 мүнөт кошту.

1:50. Хорватия бурчтан чыгаруу аткарып, орусиялыктар коргоно алышты. Бирок топ Хорватиянын карамагында калат.

1:52. Смоловдун оңой эмес бурчтан тепкен тобу дарбазачыга тушталды.

1:54. Коноктор оюнду кошумча убакытка жылдырбаганга аракеттенип чабуулга өтүүдө.

1:55. Беттештин негизги убактысы жыйынтыкталды. Эми 15 мүнөттөн эки жолу кошумча убакытка күбө болмокчубуз.

2:01. Биринчи кошумча убакыт башталды. Орусия чабуулда.

2:02. Головин бурчтан чыгаруу аткарып, анысынан майнап чыккан жок.

2:03. Акинфеев топту чыгарат. Күйөрмандар Орусияны активдүү колдоодо.

2:04. Жаракат алган Врсальконун ордуна Ювентустун оюнчусу даярданууда.

2:05. А бирок Врсалько оюнга кайрадан өзү киргенинен күбө болдук.

2:07. Модричтин коргоочулардын биринен сала экинчисин жазгырып кирип барышы орустардын жүрөгүн титирете алды. А бирок соңку көз ирмемдерде аны токтото алышты.

2:08. Головин! Дээрлик Субашич менен жекеме-жеке чыга алды. Бирок коргоочуга топту тарттырып жиберди.

2:10. Го-о-о-о-л! Хорватиянын аткарган стандарттык абалы жемиш алып келди. Голдун автору - Вида. Хорватия президентинин кубанычында чек жок!

2:13. Орусиянын алдыга баруудан башка айласы жок. Аны түшүнгөн үй ээлери бир нече кооптуу абал жаратканга үлгүрдү.

2:14. Биринчи 15 мүнөт соңуна чыгып, калыс 2 мүнөт кошту.

2:16. Орусиянын аткарган айып соккусу орун алып, топ Субашичтин колунан түшүп кеткен. Бирок коргоочулар дарбазаны сактап калышты. Муну менен дагы 5 мүнөттүк эс алуу орун алат.

2:21. Экинчи 15 мүнөттүк старт алды.

2:22. Ребич оюн эрежесин бузуп топ орусиялыктардын карамагына өтмөкчү.

2:23. Оюндун сценарийи өзгөрүп, эми Орусиянын чабуулун, Хорватиянын коргонуусун көрөбүз деп ишенимдүү түрдө айтсак жарашат.

2:25. Хорватиялыктардын аткаруусундагы стандарттык абал орун алды. Кооптуу абал болгон жок.

2:26. Кузяевдин кубаттуу соккусун жаракат алганына карабай Субашич топту тосо алды.

2:28. Смоловдун көтөргөн тобунун багытын Субашич өзгөртө алды. Муну да мыкты сактоо катары кабыл алсак болот.

2:29. Го-о-о-о-л! Марио Фернандес! Дзагоевдин көтөргөн тобун ал дарбазага таамай багыттады.

2:32. Алыстан узатылган татаал соккуну Субашич сактап калды.

2:33. Модричтин көтөргөн айып соккусун коргоочулар чийинден сыртка чыгарышты.

2:35. Орусиянын кооптуу каршы чабуулуна Хорватия андан да кооптуурак абал менен жооп берди. А бирок гол орун алган жок.

2:37. Убакыт соңуна келип, эми кайрадан пенальтилер сериясына күбө болобуз.

2:39. Командалар машыктыруучулардын насаатын угушууда. Ошондой эле кимдер сокку аткара турганын чечишүүдө.

2:42. Биринчи болуп Орусия сокку аткарат. Топ менен Федор Смолов.

2:43. Смолов алгачкы соккуну жаза тээп, Субашич аны тосуп алды.

2:44. Экинчи соккунун Акинфеев тосо алган жок.

2:45. Дзагоев өз соккусун таамай тебе алды.

2:46. Акинфеев Ковачичтин соккусун тосо алды.

2:47. Фернандес! Марионун соккусу дарбазадан сыртка кетти.

2:48. Модричтин соккусун Акинфеев тосо алганы менен , топ баары бир дарбазадан орун алды.

2:49. Игнашевич таамай сокку жасап, орусиялыктардын үмүтү өчө элек.

2:50. Виданын соккусу да таамай багытталды.

2:51. Кузяевдин таамай соккусу дарбазадан орун алды.

2:52. Ракитичтин таамай соккусу Хорватияны жарым финалга алып чыкты. 3:4. Орусия ушуну менен дүйнөлүк чемпионаттан четтеди.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(71)
08.07.2018. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Хорваттар бизге эмне кылып койду эле? Орусум,ЛГАААА
Fortuna1987 түзөттү 2018-07-08 02:10:48
08.07.2018. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Fortuna1987,Жон эле орусум деп алыпсынго ,тарыхты чукуй келгенде кооп нерселер чыгат да алар жонундо так что аным мунум дебей эле койгула,хорваттар эмне кылып берди эле деп алганынчы,жон гана фанат болсо болмок,
08.07.2018. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Fortuna1987,бул фифанын политикасы өрүстар канча көп матч ойносо ошончо стадион толуп турат
08.07.2018. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Гоооол
08.07.2018. 02:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Орустар алга.
08.07.2018. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Роосия 1 хорватия 2
09.07.2018. 03:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
i1urp Хорватия-3 Орусия-2
08.07.2018. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
РОссия урчу Загоевден 1 гол
08.07.2018. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урааа, айттым беле?
08.07.2018. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Fortuna1987, ooba tuura aitkan ekensin
08.07.2018. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Rossia alga
08.07.2018. 02:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аа. минус баскандар!не болдунар
08.07.2018. 03:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
cfif03748,dagy dele basabyz kyjalat bolbo
08.07.2018. 02:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ээээххх жалко конечно! Дээликкен тас Деминди бас болду да
08.07.2018. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Чык полянан Россия
08.07.2018. 03:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нерв...
08.07.2018. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окунучтуу
08.07.2018. 03:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаман болду
08.07.2018. 03:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Смолов баарын кыйратты эх аны чыгарбай Головинди калтырса болмок экен.
08.07.2018. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
kaiaktagy Horvattardy koldogondorgo tan kaldym, jamanby jakshyby azyr ar bir uidon bir kyrgyz Rossianyn nanyn, tuzun tatyp jurotko.
08.07.2018. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dilzat1631,кошулам оюн туптуура
08.07.2018. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Dilzat1631,Нанын тузун бекер таратып жатабы,кел кыргызым деп,фанат болсонор калыс болгулачы баарысына,жагалдана бербей,
08.07.2018. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
England Horvattardyn jazasyn beret
08.07.2018. 03:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Россияны жакшы эле колдодум эле топ тоголок экен женишинер кут болсун Хорватия
08.07.2018. 03:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Орустардан мындай оюнду куткон эмесмин,ото кучтуу оюн корсотушту.Хорваттардын ар бир оюнчусу кучтуу клубдарда ойноп,чеберчилиги жагынан эки эсе кучтуу болчу орустардан.Хорваттарды жудотуп,пенальти тепкенге чейин алып барган орус оюнчуларына рахмат!Жарым финалга ото сонун кучтуу командалар чогулду,кайф алып коргонго убакыт жетти.
08.07.2018. 03:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Ееххуу Россия деп кыйкырып жаткан кыргыздар кана, ийнине киргизди го Хорватия!
08.07.2018. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bond02,чыккан тешигине кайра киргизип ийиштиго
08.07.2018. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bond02,Путин я вам помогу не болот Эми?Гулзат крутой человек
08.07.2018. 03:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсынар Хорваттар
08.07.2018. 03:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
маладес хорватия орустар еми кокурогуну которбойт
08.07.2018. 03:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кошуналар согунуп кыйкырып уйку бербей жатышат корсо орусьайлар женилиптирда.Кыйкырып ыйлап журушот.Жаныбыздагы площадкада футбол ойноп башташты.Эмики чемпионатка даярданып башташты окшойт
08.07.2018. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Baian,олло жакты ушу коммент
08.07.2018. 04:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жомок бүттү.(Жыгач Буттар))) жетет ошончо барганы.Таң калам неге кыргыздар Россияда иштесе Россияны колдошум керек? Таңуулабай эле өзүбүз жактырган команданы колдосок болбойбу? Кулдук психология качан жоюлат экен
09.07.2018. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
anonymous,туптуура
08.07.2018. 04:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Оюндун акырына чейин жениш куттук эле. Буйрубаса айла жок экен.
08.07.2018. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргызстан алга дей турган кун болот болду бекен???
08.07.2018. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Москвада көчөнүн бары мас го бечара орустар
09.07.2018. 08:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
malikkkg,алар бечара эмес.эгер билсен сен экообуз бечарабыз.
алар мас болсо оздорунун жери.каалагандай журсо жарашат орустар
08.07.2018. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Хорваттардын дарбазачысы ото кучту экен
Канчалаган топту тосуп калды
08.07.2018. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
черышевди оюндан чыгарбаш керек эле дааа.анча уктай албай жаттым
08.07.2018. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чынында эле Россия абдан кучтуу футбол ойной тургандыгын далилдешти.. пенальти негизи Лотерея деп айтышат го..
08.07.2018. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ОРус колдойт орус коргойт Путин коргойт Путип өлсө кыргыздар жок болуп кетеби ошого жооп бергилечи?
09.07.2018. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
anonymous, арбагы колдой берет Путин чон атабыздын))) албетте, озубуз мээ иштеткенден коро бироого таянып бироонун колун жетелеп жашаган онойго.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: