super.kg logo

Таиландда үңкүрдө камалып калган 12 футболчуну чыгаруу иштери башталды

 

Таиландда үңкүрдө табылган балдар куткарыла баштады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.

Маалыматка ылайык, 13 суу алдында сүзүүчү адистерден турган топ үңкүрдүн алыскы аймагына киришти. Куткаруу операциясынын штабынын жетекчиси Наронгсака Осоттанаконы билдиргендей, балдардын алгачкылары үңкүрдөн 10 сааттан кийин, тактап айтканда, Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө чыга башташат.

Азыркы тапта үңкүрдүн кире беришинде турган журналисттер жана үңкүрдөгү футболчулардын жакындары ал жактан кетирилди. Тхам Луангдын алдында 13 "Тез жардам" кызматынын унаалары күзөт кылууда.

Эскерте кетсек, Таиланддын түштүгүндө жайгашкан Чиангмай провинциясындагы үңкүргө 12 футболчу жана алардын 25 жаштагы машыктыруучусу киришип суунун айынан чыга албай калышкан. Куткаруучулар аларды 10 күндөн кийин гана табышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
08.07.2018. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Жакшы кабар!Деги эле эч бир адамдын башына мындай күн түшпосүн!
08.07.2018. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары тируу бекен?
08.07.2018. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эмне болду экен аман эсен чыгып алышты бекен саат 10 болду
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: