super.kg logo

Унааларды каттоо жана кайра каттоонун мөөнөтү 10 күнгө узартылды

 

Унааларды каттоо жана кайра каттоо мөөнөтү 5 күндөн 10 күнгө узартылды. Буга багытталган мыйзамга өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгонун президенттик аппараттан кабарлашты.

Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 24-майында кабыл алынган бул мыйзам коррупциялык факторлорду жоюу, жарандардын жана юридикалык жактардын унаа каражаттарын өз убагында (алгачкы) каттоо (кайра каттоо), жоопкерчилигин көтөрүү максатында иштелип чыккан.

Бажы тосмолорунда унааларды каттатуу узак убакытты талап кылгандыктан, ошондой эле айрым аймактардын алыстыгынан унааларды өз убагында каттоодо жана кайра каттоодо көйгөйлөр пайда болгондуктан каттоону 10 жумушчу күнгө узартуу каралган. Мындан тышкары Кыргыз Республикасында бирден-бир милдеттүү түрдө каттала (кайра каттоо) турган унаа каражаттарынын түрүнө квадрациклдер жана трициклдер дагы киргизилди. Мыйзам расмий жарыяланган күндѳн тартып он күн ѳткѳндѳн кийин күчүнѳ кирет.

Сатып алынган унаалар 10 күндүн аралыгында каттоого алынбаса, жеке жактарга 1 миң сом, юридикалык жактарга 2 миң сом айып салынат. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, учурда каттоого алынган унаалардын саны 1 миллион 200 миңди түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
09.07.2018. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Отуруп алышып ар нерсени айта беришет экен да 1000.сом штраф 2000.сом штраф деп. Кечегиде биросу кайра каттоо 290 300 сом деп алжындап койду эле. Асмандан алып суйлошо берет биздин манкурт атка минерлер. 3000.с 4000.сом десе ишенебиз элде акча жок кайактан кататат мен да журом 22.июль доверность бутот жугур жугур менен 5000.с кайктан табам озум инвалид болсом.
09.07.2018. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ жооп берип койгулачы эгер довероность менен айдап журсо боло береби же тыю салынабы?
09.07.2018. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurikkg88,Боло берет.
Милдеттуу турдо ишеним кагаз болушу керек автоунаанын ээсинен.
Ишеним кагазы жок айдай берчубуз.
Эми айдай албай калабыз.
16.07.2018. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайра каттоо дегени кандай?? Созсуз номерди да алмаштырыш керекпи??
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: