super.kg logo

"УКМКнын тергөөчүлөрү Соттук-эксперттик кызматынын кызматкерлерине басым көрсөтүүдө" дейт Сапар Исаковдун жактоочусу

 

"УКМКнын тергөөчүлөрү Соттук-эксперттик кызматынын кызматкерлерине басым көрсөтүүдө", - деп бүгүн, 9-июлда SUPER.KG порталына мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирди.

Токтакунов Башкы прокуратурага арыз менен кайрыла турганын айтты. "ЖЭБди жаңылоодо коррупция боюнча козголгон кылмыш ишин иликтеген тергөөчүлөр аталган кызматтын кызматкерлерине басым көрсөтүүдө. Талант Мамбетбаев деген эксперт күнөөлөгөнгө дал келбеген жыйынтык чыгарган. Чыккан экспертизага УКМКнын тергөөчүлөрү макул болбой, аны суракка алган. Ал эми Мирлан Турсуналиев аттуу эксперт жумуштан бошотулган. Мындай маалыматтарды текшерүү үчүн аталган кызматка суроо-талап менен кайрылдык. Жообу качан келе турганы белгисиз. Бүгүн Башкы прокуратурага арыз менен кайрылабыз", - дейт Нурбек Токтакунов.

УКМК бул боюнча комментарий бере элек.

Эске салсак, Сапар Исаковго 29-май күнү "коррупция" беренеси менен айып тагылган. Бир нече жолу суракка чакырылгандан кийин ал 2 айга камакка алынган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту Исаковдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, УКМКнын СИЗОсуна тергөө бүткөнгө чейин камоо чечимин кабыл алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
09.07.2018. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эч убакта адилетуулук болбойт. Соз жузундо эле суйлой беришет. Жон жерден оч алуу максатында, коррупцияга шылтоолоп камап жатышканы окундурот. Сокенин гана тапшырмасын аткарып жатышат. Соке озуно жакпаган адамдарды жамандоо саясатын жургузуп жатат.
09.07.2018. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сапар Исаковдун үстүнөн кылмыш козголуусун куугунтук деп айтууга болбой. Кайда жетекчилик кылбасын баардык жерде акчаны кымыруу фактылары чыгып жатат. Ошол үчүн текшерүүгө алынышы керек.
09.07.2018. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bekmirzach,Анысы тарых музейинде куратор болдум деп айтпады беле?! Алты жыл эмнеге адвокаттары саясий куугунтук дебей эми айтып жатышат?!Вор должен сидет тюрме деп шефи айткан элего!
Azatbek.Svoboda. түзөттү 2018-07-09 13:04:06
09.07.2018. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жээнбеков башында эле АШАны жамандоо саясатын жургузсо болмок. АША нын эле кошоматчысы болуп журбоду беле. Президент болуп алып, сразу жамандап чыкты го. Адилеттуу президент боло албайт.
09.07.2018. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сапар исаков жакшы эле иштеп жаткан болчу тиги карышкылар соке атамбайлардын кылганы себеби исаковдун рейтинги жогору болчу алдынкы премьер министирлегре караганда
09.07.2018. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сапар исаков кайсы ишти жетектебесин баардыгында мыйзамсыз иштер оорун алып коррупция доорун сүрүп чалакайыңдык менен коштолгону көрүнүп турат.Ушундай көрүнүштөр турса анан кантип сапардын күнөөсү жок деп айтыш керек.
bekmirzach түзөттү 2018-07-09 12:20:31
09.07.2018. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сапар мумкун сот экспертизаны сатып алып он чечим чыгарткан ошондой кумон менен укмк суракка алган. Акылдуу болбой тургула озунорчо камабаса дагы бирдемени суйлоп чыгат эленер кыйындар колунардан *уй келбейт
09.07.2018. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Конулунорго карап суйлоп кое берет экенсинер бул жакшы тиги мындай деп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: