super.kg logo

Бишкектин биринчи вице-мэри Макенов тергөө бүткүчө камакта калды

 

Бишкектин биринчи вице-мэри Ренат Макеновго коррупция боюнча козголгон кылмыш иштин негизинде айыбы угузулуп, тергөө бүткөн убакытка чейин камакта калтырылды. УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, Макеновдун баш коргоо чарасын 8-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту карады.

УКМКдан билдиришкендей, Макенов Бишкек мэриясынын кызмат адамдары менен бирге өлкөнүн жер боюнча мыйзамдарын бузуп, Бишкектин №12-кичи районундагы 3,38 гектар жер тилкесин жеке жактарга мыйзамсыз түрдө бөлүп жиберген деп шектелүүдө.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын прокуратурасы аталган жердин менчикке берилиши боюнча ушул жылдын 5-июнунда кылмыш ишин козгоп, вице-мэр 6-июлда суракка чакыртылгандан кийин камакка алынган. Ошондой эле козголгон иштин алкагында мэриянын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Урмат Мурзаканов дагы камакка алынган.

Макенов 2016-жылдын май айынан тартып 2017-жылдын августуна чейин мэриянын Менчик муниципалдык башкармалыгын жетектеп келсе, 2017-жылдын август айынан бери биринчи вице-мэр болуп иштеп келген.




кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
09.07.2018. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул киши да эми мага карата саясий куугунтук болду деп айтабы?! Алты жыл шефиңердин доорунда жалжаңдап жыргадыңар эле тайраңдап өз билгениңерди кылып.Шефиңерге болсо о дуйно бул дуйно баарибир эле президент болгонуна курсант болуп журо берчи.Карапайым калктын ырыскысын жегендер эми шооруңар куруп турмөдө отурсаңар экен!
Azatbek.Svoboda. түзөттү 2018-07-09 12:56:30
09.07.2018. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жеенбеков андай кылды мындай кылды иштебей жатат дегендер билип алгыла иштеп эле жатат. Акырындаап озубузго келип бутубузга турабыз буюрса. Корупциянерлер акыпндап жок болот. Албетте бир жылда эмес. Кустуруш керек эми ошолорду эки эселентип
09.07.2018. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
haydarkan,Аның эмне кылып кыйратып жатат?Айла жоктун ишин кылып жатат азыр мактабай тур!Ким президент болсодо ЖЭБден кийин ушул ишти кылмак!Камалгандардын арасынан кимисин кустурду?Эч бир корупционердин акчасын бюджетке которгон жок!Алды досу берген баатыр арты Америкага качып жыргап ортосундагылар камалды бирок аларды турмөдө камалат деп айтыш кыйын эртең актап да салышат!
Azatbek.Svoboda. түзөттү 2018-07-09 18:48:13
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: