super.kg logo

Баткенде май куюучу жайдагы өрт Аскарбек Шадиевдин үй-бүлөсүнө таандык жүк сактоочу жайдан чыкканы белгилүү болду

 

Баткен облусунун Лейлек районунун Жаштык айылындагы май куюучу жайдагы өрт жүк сактоочу жайдан чыккан. Ал жай мурдагы биринчи вице-премьер министр Аскарбек Шадиевдин апасы Айсана Шадиевага таандык болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматына караганда, 4-июль күнү өрт Лейлек районунун Жаштык айылындагы жүк сактоочу жайдан чыккан, өрт уланып кийин май куюучу жайга өткөн. Ал жүк сактоочу жай Айсана Шадиевага таандык болгон.

"Өрт чыккан жай Айсана Шадиевага таандык болгон, ал ижарага берип 1982-жылы туулган Исманов Манас аттуу жаран ал жайды көптөн бери иштетип келген. Учурда факт боюнча "өрт коопсуздугун бузуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Басма сөз кызматы кошумчалагандай, Айсана Шадиева Аскарбек Шадиевдин апасы.

Айта кетсек, 4-июль күнү аталган айылдагы май куюучу станциядан өрт чыгып, кырсыктан 4 адам ар кандай жаракаттарды алган. Мындан тышкары май куюучу станциянын кеңсеси, 4 фура, 2 газ ташуучу унаа, 2 спринтер, 1 жеңил унаа күйүп кеткен.

Эске салсак, 25-июнда УКМК тарабынан Шадиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин "чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголсо, 2-июль күнү Башкы прокуратура Шадиевдин иши боюнча "Мыйзамсыз жол менен алынган акчалай каражаттарды же башка мүлктү легалдаштыруу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Буга чейин 1-июнда УКМК мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев өзүнө карата кылмыш иши козголгондон кийин 28-апрелде Хожент-Москва аба каттамы аркылуу Москва шаарындагы Домодедово аба майданына учуп барып, андан ары Кыргыз өлкөсүнүн дипломаттык паспорту менен Нью-Йоркко учуп кеткенин аныктаган.

28-апрелде Аскарбек Шадиевге Жогорку Кеӊештен 30 миӊ доллардын уурдалышы боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш-жаза кодексинин "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши ачылып, Шадиевге "2017-жылы Чыӊгыз Айтматов атындагы сыйлык берилбей турганын билип туруп ушул сыйлык үчүн 30 миӊ долларды бөлүү боюнча парламент төрагасына кат жөнөткөн" деп айып тагылууда. Башкы прокуратура козгогон бул иш боюнча материалдар УКМКга өткөрүлүп берилип, тергөө башталган.

31-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту депутат жана мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин баш коргоо чарасын карап, аны УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камоо боюнча сырттан чечим чыгарган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
09.07.2018. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Текиндики Пекинге дейт да.
09.07.2018. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Толотуш керек
09.07.2018. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен ойлогон жерден чыкты Шадиевдики болсо керек дедим эле. Жыгылды эми тепкилей бергиле. Атайын ХХХХХХХХХХ бизнестерин тартып алгыла. Ушундайсынарда
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-07-09 16:21:28
09.07.2018. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
taalay25, эй акылман, жыгылган деп кимди айтат билесинби, карапайым калкты айтса болот жыгылган деп, эгемендуулук алганыбызга 30 жылга жакындап баратат дагы эле ушундай жегичтердин айынан элибиз жыгылып онкосунан кеткен бойдон тура албай, оноло албай келет. (Дагы мага тим эле ЖЫГЫЛДЫ деп коет, мындайларды турмодо чиритип, жегендерин кустуруш керек).
09.07.2018. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Апасыныкы атасыныкы аялыныкы тамырлашып кетиптир да
09.07.2018. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Шадиев кокосуна чейин коррупцияга батып, болушунча жептирда, кармап келип толоткуло жегенинин баарын.
10.07.2018. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Берерин берчүүлөргө берип кетти эми эч ким Шадиевди кармап келбейт.
Jelezo түзөттү 2018-07-10 10:42:42
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: