super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Дордой" базарына аз санда каттаган маршруттук таксилерди түштөн кийин таппай убарабыз" дейт окурман

 

"Дордой" базарына аз санда каттаган маршруттук таксилерди түштөн кийин таппай убарабыз" деген билдирүүсүн окурман "Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына жөнөткөн.

Өз билдирүүсүндө окурман "Дордой" базарына каттаган айрым маршруттук таксилер аз санда экенин айткан.

"Сүрөттө "Дордой" базарынын маршруттук таксилер токтоочу жайы. Элдин аягы үзүлбөгөн бул базарга каттаган №230, №226, №252-маршруттук таксилердин саны аз. Мындан сырткары түштөн кийин, тактап айтканда, саат 13:00-14:00дөн кийин аларды такыр таппай калган учурлар да болот. Мунун айынан аптаптуу күндө карапайым калк эле кыйналып жатат. Айдоочуларды көзөмөлдөп тартипке салган тараптар аларды карабай эмне иш кылып жатат?" - деп жазган окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
09.07.2018. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин жанылыгымды чыгарбадынар же жогорудагылар конул бурбады бугун 9 июль ыссык суу чыкпай жатат ал жака бул жака кайрылып чалып чарчадык митингге пикетке убакыт жок чондорго теплосетьке чалып майнап чыкпады супер силерденда майнап жок баарынан жакшысы акчана жалдыра болуп калыптыр АРИСТОН деген жакшы
нерсени алып келип орнотуп алдык
09.07.2018. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
momun74, кабары чыкпагандар жалгыз эмес экенбиз
09.07.2018. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aziret97,ошондойго
09.07.2018. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каттамдын номерин алып салып ДОРДОЙ деген гана жазуусу бар маршруттук таксилер КЫРГЫЗСТАН - КАЗАКСТАНдын чек арасында кайнайт....
10.07.2018. 03:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
290 маршрутка эртен менен такыр убагында журбойт. Аралыгы 40-50муноттон болуп кетет.Айдоочулары орой мамиле жасашат. 185ге чалынган,бирок жыйынтык жок. Башка маршрутка Ак-Босого конушуна киргизсе жакшы болот эле. Аябай тажатышты.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: