super.kg logo

Бишкек-Ош жолунда жүк ташыган унаа менен жеңил машина сүзүшүп, 2 адам каза болду

 

Бишкек-Ош унаа жолунда жүк ташуучу унаа менен жеңил машина кагышып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 9-июлда саат 15:00дө катталган.

"Бишкек-Ош унаа жолунун 113-чакырымында Субару Форестер үлгүсүндөгү жеңил унаа Вольво үлгүсүндөгү жүк ташыган унаанын алдына кирип кеткен. Автоунаада 1949-жылы жана 1951-жылы туулган Сокулук районунун Студент айылынын тургундары болгон. Алар Оштон Бишкекти көздөй келе жаткан. Жеңил унаа каршы тилкеге чыгып жүк ташыган унаа менен сүзүшүп, 2 жүргүнчү алган жаракатынан улам каза болгон. Ал эми Казакстандын номери тагылган жүк ташуучу унаанын айдоочусу 1983-жылы туулган Орус жараны болгон. Учурда окуяга байланыштуу териштирүү иштери жүрүп жатат", - дейт басма сөз кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(5)
09.07.2018. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иии кудай сактасын кайра эле карты тилкеге чыгып Аллахым озу сактасын
09.07.2018. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бироо козомол кылабы деги.кунуго ушинтип авария боло береби?кырылып бутот ко.чондор каякты карап отурушат
10.07.2018. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tatynam_88,

Көзөмөл кыла тургандар башка иш менен алек.
Гарантия берем, жол эрежесин кайрадан тапшырып өтө алышпайт азыркы айдоочулар. Стептер 100% тапшыралбайт.
09.07.2018. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тооба кылдым чынында ушунча авария күндө эмне үчүн көзөмөл жок тынымсыз адам каза болуп жатат карагылачы чоңдор Бишкек Ош жолун
09.07.2018. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көзөмөлчүлөр шоферлордун жанында отуруш керекпи эми странна уктап кеткен түшүнсөңөр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: