super.kg logo

Эс алуу паркынан жансыз денеси табылган жарандын өлүмүнө шектелип 30 жаштагы тургун кармалды

 

8-июлда Чүй облусунун Төш-Булак айылынан 5 чакырым алыс жердеги сейил бактан 32 жаштагы жарандын жансыз денеси табылган. Анын өлүмүнө шектүү делип Чүй облусунун 30 жаштагы тургуну кармалганын SUPER.KG'ге 9-июлда Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, 8-июлда Сокулук РИИБине Төш-Булак айылынан алыс жердеги паркта мыкаачылык менен өлтүрүлгөн белгисиз адамдын жансыз денеси жатканы боюнча маалымат түшкөн. Милиция кызматкелери жеринде кароо жүргүзүп, ал бир нече жолу бычак сайылып каза болгонун, Чүй облусунун 32 жаштагы К.К. аттуу тургуну экендигин аныкташкан.

Издөө иштеринин натыйжасында аталган кылмыш ишине шектүү катары Чүй облусунун 30 жаштагы С.А. аттуу тургунун кармалып, камакка алынды.

Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, экөө бирге спирт ичимдигин ичип отуруп чатакташып кетишкен. Жыйынтыгында 30 жаштагы тургун 32 жаштагы тургундун денесине бир нече жолу бычак сайып, ал каза болуп калган. Учурда факты боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертиза дайындалды. Ошондой эле тергөө иштери башталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
10.07.2018. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арак ошон учун арам делет,жаман иштин башаты.арак бул шайтан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: