super.kg logo
  Саясат  

Жээнбеков катышкан Эрдогандын президенттик кызматка киришүү аземинен фоторепортаж

 
Сооронбай Жээнбеков Режеп Тайип Эрдоган менен.
Сол тарапта Сооронбай Жээнбеков, ортодо Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев, оң жакта казак өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев.
Салтанатка чакырылган сыйлуу коноктор.
Эрдоган келген конокторго жылуу саламын айтууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын президенттик кызматка киришүү аземине катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, салтанат 9-июлда Түркия Республикасынын Анкара шаарында болуп өттү. Аземге бир топ өлкөнүн жетекчилери, өкмөт башчылары чакырылган, алардын катарында Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев, казак өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев да бар.

Айта кетсек, 9-июль күнү Режеп Тайип Эрдогандын чакыруусу менен Сооронбай Жээнбеков Анкара шаарына Түркиянын президентинин кызматка киришүү аземине катышуу үчүн жөнөп кеткен.

Эске салсак, Түркияда 24-июнда өткөн президенттик шайлоодо Режеп Тайип Эрдоган кайрадан өлкө башчысы болуп шайланган. Ал шайлоочулардын 52,55 пайыз добушуна ээ болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 9 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: