Москва соту унаасы менен жөө жүрүүчүлөрдү сүзүп кеткен Чыңгыз Анарбек уулун камакта калтырды
Орусиянын Москва шаардык соту 16-июнда жол четинде бараткан жөө жүрүүчүлөрдү сүзүп кеткен Кыргыз жараны Чыңгыз Анарбек уулунун үй камагына чыгаруу боюнча арызын карап, канааттандырган жок. Орусиялык ЖМКлардын маалыматына караганда, шаардык сот Таган райондук сотунун Чыңгыз Анарбек уулуна карата 18-июнда чыгарган чечимин туура деп таап, өзгөртүүсүз калтырды.
Чыңгыз Анарбек уулу 16-июнда Москванын борбордук көчөлөрүнүн биринде такси айдап баратып жол четиндеги жөө жүрүүчүлөрдү сүзүп кеткен. Кырсыктан 8 киши жаракат алган. Айдоочу полиция тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 18-июнда Таган райондук соту шектүү катары кармалган Кыргыз жаранынын баш коргоо чарасын карап эки айга камакка алган болчу.
Чыңгыз Анарбек уулу сот залында күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, жабыркагандардан кечирим сураган. Ал такси кызматына карызынан кутулуу үчүн мындан бир ай мурда орношкондугун, күнү-түнү иштеп, уктап кеткенин айткан.
кошулду


Кудайым жардамын берип, акталып чыгып калса экен
Бул жердеги жанылыка сен айткан чиновниктердин кайндайтиешеси бар. Кеп орусиядагы кырсыка кабылган бала тууралуу болуп жатат.
men tushunboi turam, bul jerde olum bolbogondon kyiyn, emne uchun bul jigitti turmodo karmap atyshat , tushunboi atam, al korkunuchtuu adam olturguch emes taa, turmodo oturgany tuura emes dep oiloim.
bir okuyany aityp keteiyn FRanciyada bir aiyal mototsilkchen jigitti turtup ketip, al jigit kaza bolup kalat, tigil mashina aidap baratkan aiyal kunooluu bolup chykkan sebebi al rul bashkaryp baratyp talafondo SMS jazyp baratyp kyrsyk bolup ketken , al aiyaldy kamakka al
eki jyl ui kamagynda , pravasyn leshat etip salyptyr,ushul okuya gazetaga chykkan bolchu, men bunu Chyngyzdyn tuugandaryna jiberem dep oilop atam , emmi bizdin KYRGYZ jigitti turmodo bagyshyp, anyn jashoosuna tuugandaryna bala chakasyn azapka salyp atyshat , jon jerden bul degen kyrsyk, olum jitim bolbogon son, jigitke shtrav salyp , jee prava leshat etip koiso dele bolmok.