Бекназаров: "Жээнбеков Конгантиевдин иши боюнча пикирин айтыш керек, айтууга милдеттүү, башка жолу жок"
"Буга чейин болгон 3 президент тең Молдомуса Конгантиев боюнча пикирин айтыш керек", - деди бүгүн, 10-июлда маалымат жыйынында Азимбек Бекназаров.
"Ошол кездеги тергөө органдарынын куратору катары айтып коёюн, Конгантиев боюнча мен гана эмес, андан берки 3 президент да үн катышы керек. Отунбаева, Атамбаев, азыркы президент да пикирин айтышы керек, айтууга милдеттүү, башка жолу жок. Конгантиевдин иши боюнча тергөө анын ден соолугуна байланыштуу 2010-жылы убактылуу токтотулган, кийин уланыш керек болчу", - деди Бекназаров.
Эске салсак, 6-июлда Молдомуса Конгантиевге 2010-жылы козголгон кылмыш иши экс-министрдин аракеттеринде кылмыштын курамы жок болгондуктан токтотулганын УКМК билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
19:51
2025-07-07

Рейтинг:
-2

