super.kg logo

Жыл башынан бери 87 өзгөчө кырдаал катталып, анын кесепетинен 7 адам каза болгон

 

Жыл башынан бери 87 өзгөчө кырдаал катталып, анын кесепетинен 7 адам каза болгон. Бул тууралуу ӨКМнын Жарандык коргонуу жана авариялык куткаруу иштерин жүргүзүү башкармалыгынын башчысы Ырысбек Жолдошбаев 10-июлда өткөргөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, өзгөчө кырдаалдардан 1 миллиард 142 миллион 210 миң сомдук материалдык чыгым болгон.

Ал эми жыл башынан бери жалпы 57 адам сууга чөгүп каза болсо, жайкы эс алуу учурунда 36 адам каза болгон. Жайкы эс алуу учурунда каза болгондордун ичинен 25и эркектер, 3ү аялдар болсо, 8и жаш балдар.

"Чүй облусунда 9, Талас облусунда 1, Ош облусунда 1, Ош шаарында 5, Бишкекте 6, Баткенде 5, Жалал-Абадда 5, Ысык-Көлдө 4 адам сууга чөгүп кеткен. Ал эми Нарын облусунда мындай факты катталган жок", - деди Жолдошбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: