super.kg logo

УКМК Сапар Исаковдун жактоочусунун дооматтарына жооп кайтарды

 

"Жактоочу Нурбек Токтакунов "УКМК Сапар Исаковго козголгон кылмыш иши боюнча материалдарды берүүдөн баш тартты" деп билдирди. Бирок бул маалымат чындыкка дал келбейт", - деп бүгүн, 10-июлда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, Кылмыш-жаза кодексине ылайык, жактоочу кармоо протоколу, тергөө иштери боюнча протоколу, документтер менен таанышканга укуктуу. "Тергөө иштери аягына чыккандан кийин бардык материалдар менен таанышса болот. Тергөө иши аяктагандан кийин жактоочу материалдар менен таанышып, көчүрмөсүн алууга укуктуу. Тергөөчүлөр Кылмыш-жаза кодексинин талаптарына ылайык иш жүргүзүшүүдө", - деп билдирет УКМК.

Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөөчүсүнүн үстүнөн сотко арыз берген. Ал Сапар Исаковдун ишин тергеп жаткан УКМКнын тергөөчүсү аталган иш боюнча материалдардын көчүрмөсүн бербей койгондугу үчүн арызданганын айткан. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тергөөчүлөр жактоочуларга материалдардын көчүрмөлөрүн бербесин" деген токтом чыгарган.

Эске салсак, Сапар Исаковго 29-май күнү "коррупция" беренеси менен айып тагылган. Бир нече жолу суракка чакырылгандан кийин ал 2 айга камакка алынган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту Исаковдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, УКМКнын СИЗОсуна тергөө бүткөнгө чейин камоо чечимин кабыл алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
10.07.2018. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Сапар Исаков Бишкек ТЭЦин модернизациялоого байланышкан маселелердин көбүн Өкмөттөн аттатып өтүп, түздөн-түз ошол убактагы президент А.Атамбаевдин чечүүсүн уюштуруп, аткарууга жетишкен. Албетте, өзүнүн анда чоң кызыкчылыгы болбосо антмек эмес. Өзүңүздөр ойлоп көрүңүздөр, акылдан адаштырып, жолдон тайдырарлык кол акысы болбосо, кимдин эле өз башына ашыкча түйшүктү үйгүсү келсин.
10.07.2018. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кылгылыктын баарын кылган Жанторо.
10.07.2018. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Исаковдун камалышы - бул туздон туз Жээнбековдун жеке кызыкчылыгынан келип чыккан тапшырмасы. ТЭЦге эч кандай тиешеси жок. Бул жерде Жээнбековдун Исаковго окшогон кучтуу конкурентерин коррупцияга шылтап элге жамандап, камоо иштерин жургузуп жатат. Исаков келечекте кучтуу жаш кадрлардын бирине айланмак.
pat12 түзөттү 2018-07-10 18:51:44
10.07.2018. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
pat12, кайдагыны айтпачы! Сапар ТЭЦТЕН уурдаган учун кармалган, по саясий фигура эмес
10.07.2018. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Токатакуновдун жургон жери чыр. Жалган жалааны айтканын такыр токтотподу ушул бала
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: