super.kg logo

Аптаптуу ысык дагы бир канча күнгө созулат. Адис шарты жок жайлардагы сууга түшпөөгө чакырды

 

Аптаптуу ысык дагы бир канча күнгө созулат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Суучулдар кызматынын башчысы Урматбек Шамырканов буга байланыштуу 10-июлда өткөргөн маалымат жыйында ата-энелерге кайрылып, кичинекей балдарды сууга түшүүдө кароосуз калтырбоого чакырды. Андан сырткары, сууга түшүүгө шарты жок жайларга барбоо керектигин эскертти. Анын айтымында, Чүй облусунда эле сууга түшүүгө 360 жай бар болсо, 13 жайдын гана сууга түшүүгө шарты бар.

"Күн ысык болуп жаткандыктан сууга түшүү үчүн шарты жок жайларга барбоого чакырабыз. Андан сырткары, сууга түшүүнү билбегендер жээктен ыраак кетүүгө же терең чумкууга болбойт. Спирт ичимдигин ичип түшүүдөн да алыс болуу керек. Өзгөчө кичинекей балдарды сууга түшүүдө жалгыз калтырып же өзүн жибербеңиздер. Балдар кароосуз калып, сууга чөгүп кетип жаткан учурлар көп болуп жатат", - деди Шамырканов.

Шамырканов Өзгөчө кырдаалдар министрлиги суучулдардын санын көбөйтүү аракетин көрүп жатканын кошумчалады. "Биздин суучулдардын санын көбөйттүк. Андан сырткары жеке компаниялар менен муниципалдык кызматтарга куткаруучуларды окутуп берип жатабыз. Жеке компаниялар акча төлөсө, муниципалдык кызматтардын кызматкерлери акысыз окушат", - деди Шамырканов.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
10.07.2018. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Барибир акча толойт экенда
11.07.2018. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
talant87,бекер бизде эмне бар озу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: