super.kg logo
  Саясат  

КСДПнын өкүлү "КСДП Атамбаевсиз" деген ураан менен өткөн жыйын боюнча пикирин билдирди

 

КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева "КСДП Атамбаевсиз" деген ураан менен өткөн жыйын боюнча пикирин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-июлда SUPER.KG порталына билдирди.

"Тилекке каршы, бийликке жагынуу үчүн кээ бир адамдар Алмазбек Атамбаевди эле эмес, өзүнүн апасын сатып жиберишет. Айрымдар КСДПга бийлик, кызмат үчүн башка партиядан келишкен. Жыйынды уюштурган Сагынбек Абдрахманов “Ар-Намыс” партиясынан келген. Бирок КСДП менен ал Жогорку Кеңештин депутаты, өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болгон. Москва районунда КСДПнын катарынан чыккан, бул адамга окшогон бир нече партиянын мүчөлөрү бар. Аларга бир нерсе убадаланган болуш керек, ошого аракет кылып жатышат. Бүгүнкү жыйын КСДПнын 15 мүчөсүнүн күчү менен өткөн. Алар 50-60 адамды чогултушкан. Көпчүлүгү эмнеге чогулуп жатканын билген эмес. Алмазбек Атамбаев бийлик жана кызмат үчүн партияга киргендер боюнча тазалануу жүрүп жатканын бир канча жолу айткан. Акыркы жылдары мындайлар көбөйүүдө. Алар Абдрахмановдун арты менен өздөрү партиядан чыгып кетсе кубанмакпыз.

Партиянын конференциясы КСДПнын катчылыгы менен биргеликте өткөрүлүшү керек. Бүгүнкү өткөн чогулуштун конференция деген макамы жок. Анткени жыйын КСДПнын талаптары менен өткөн эмес", - деп айтты Жолдубаева.

Эске салсак, бүгүн Чүй облусунун Москва районунда "КСДП Атамбаевсиз" деген ураан менен жыйын өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: