super.kg logo

"Ата-Бейиттеги" Чыңгыз Айтматовдун эстелигин оңдоого 1 миллион 500 миң сом жумшалат

 

"Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплексиндеги Чыңгыз Айтматовдун эстелиги оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Мындай маалыматты Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Марклен Медетов SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, оңдоо иштери июль айынын аягында башталып, сентябрга чейин бүткөрүлмөкчү.

"Мурда жасалган тепкичтердин көбү сынып, таман таштар чөгүп, мраморлор карарып кетип жатканына байланыштуу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги ушул жылы оңдолуп-түзөлө турган жайлардын тизмесине киргизилген. Ага ушул жылдын планына киргизилген 7 миллион 700 сомдун 1 миллион 500 миң сому бөлүнөт. Эстеликтин мрамордон жасалган дубалдары, таман таштар, орундуктар, жазуучунун сөөгү жашырылган жердин гранит тосмосунун айрым бөлүктөрү алмаштырылат. Мрамордон жасалган дубалдын аянты 106 чарчы метрди түзөт", - деди Марклен Медетов.

Айта кетсек, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Ата-Бейиттеги" мемориалы 2013-жылы ноябрь айында курулуп бүткөн. Ага өлкө казынасынан 15 миллион сомдон ашык акча сарпталган.

Бирок мемориал курулуп бүткөнүнө бир жыл айланбай эле анын айрым бөлүктөрү урап баштаган. "Ата-Бейит" комплексинин директору залкар жазуучунун мемориалынын чатыры бир нече жолу урап түшкөнүн айткан. Аны курган куруучулар келип, оңдоп-түзөп кетишсе да үстүнө кар түшүп, суу аккандыктан, кайра эле урап калганын билдирген.

Бул жагдай тууралуу мындан 3 жыл мурун жазуучунун бир тууган карындашы Роза Айтматова мемориалдын курулуш иштери кыска мөөнөттө бүткөрүлгөнүн айтып, курулуш иштеринин акыркы этаптарында анын чатыры жасалганын кошумчалаган.

"Мемориалдын чатырынын алды урап баштаганда биз аны кургандарга кайрылганбыз. Алар келип аны көрүп, оңдоп-түзөөгө аракеттенишкен. Бирок натыйжасыз болду. Мемориалдын ачылганына 1 жыл айлана элек, бирок анын үстүнөн аккан суу аны кайрадан уратууда. Азыр кыш болгондуктан, күн жылыган сайын кар эрип, жамгыр жаап, ал толук оңдолуп бүтө элек", - деген жазуучунун карындашы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
10.07.2018. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ч. Айматов жонундо кыргыз телеканалдарда эмне себептен аз гана маалымат берип жатасынар. Быйыл 90 жылдыгын белгилеп жатабыз. Мындай адамды барктоо, данктоо биздин милдет.
pat12 түзөттү 2018-07-10 18:59:57
10.07.2018. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
1,5 миллион сарпталып ремонт болсо канча убакытка урабай, башка ремонт жасалбай турушуна кепилдик берген бирөө болобу? Же дагы эле баягыдай иш бүттү андан кийин жоопкерчилигин моюнга алган эч ким жок калабы ошол бойдон. Жоопкерчиликти жеке бир кишиге коймоюнча жасалган иштин сапаты болбойт. Эгер кепилдик берген убакытка чейин сапатын жоготсо ошол киши чөнтөгүнөн куруп бербесе, анда баары эле сол чөнтөккө көбүрөөк урууга аракет кылат
10.07.2018. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акча коп да бизде,самандай сапырыш керек,айлык пенсияны кобойтсо андан коро,ушул эстелик сестелик дегенди азайтып бираз
10.07.2018. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
15 млн.сарптаган эстелик ушунча убакытка зорго туруштук берсе,анда 1 жарым млн.акча болгон ремонт эртен эле урап калат го тооооба,Бул жерде да чон бир коррупция бар менин оюмча.
10.07.2018. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аран он жылга жетсе, значит, болунгон акчанын жарымы бироолордун чонтогуно кеткен го
10.07.2018. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
600 долларлык кычкач иштеткиле эстеликти ондоо учун. Айланасына корктондуруу учун 9000 сомдук кочотторду отургузгула, ошондо эстелик дагы бир жылга жетпей урап калат. Жегенинердин баарын Аллах коруп турат силер малекеттин акчасын гана эмес 6 млн кыргыздын акын жеп атасынар. Кыяматта ошол акчанар менен эч нерсе кыла албайсынар. Баарын так чечуучу калыстык куну келет силерге да. Ошондо баары учун жооп бересинер. Президенттер баш болуп, премьерлер тош болуп.
10.07.2018. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ондосонор жакшылап ондогула анан кайра бир жылдан кийин дагы 1.500миллион коротпой
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: