super.kg logo

Кыргыз жеринде жасаган кылмышы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн адамдар Орусияда кармалды

 

Кыргыз жеринде жасаган кылмышы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн адамдар Орусияда колго түштү. ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, ыкчам издөө аракеттеринин натыйжасында качып жүргөн 8 адамдын аты-жөнү жана жашаган жерлери аныкталып, Орусия аймагынан кармалышты. Учурда Минск конвенциясына ылайык, кармалган жарандарды өз өлкөсүнө өткөрүп берүү боюнча маселелер чечилип жатат.

Маалым болгондой, издөө иштеринин жүрүшүндө Өзгөн районунун 1999-жылы туулган К.И. аттуу жашоочусу "каракчылык" беренеси боюнча козголгон кылмыш иши үчүн тергөөдөн качып жүргөн жеринен кармалган. Издөө иши 2017-жылдын күз мезгилинде Бишкек шаарынын Свердлов РИИБи тарабынан жарыяланып, камакка алуу чарасы каралган. Ошондой эле Сокулук районунун 1990-жылы туулган А.у.Т. аттуу жашоочусуна "алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, ал тергөөдөн качып жүргөндүктөн Сокулук РИИБи тарабынан издөөгө алынган.
Ош облусунун 1984-жылы туулган жашоочусу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесинин 2-бөлүмү (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу) боюнча шектелип, тергөөдөн качып жүргөн жеринен кармалган. Издөө иши 2016-жылы август айында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан жарыяланган.
Ош облусунун 1987-жылы туулган А.А. аттуу тургуну Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 112-беренесинин 1-бөлүмүнө (ден соолукка атайылап залал келтирүү) боюнча шектелип, издөөдө жүргөн. Шектүүгө издөө иши 2015-жылы Ош ОИИБи тарабынан жарыяланган.

Оор кылмыш иштерин жасагандарды дагы кармоо боюнча иликтөө иштери жүрүп, төмөнкүлөр кармалышкан.
1979-жылы туулган М.Н. аттуу жаран "адам өлтүрүү" фактысы боюнча 2017-жылы Ош ОИИБи тарабынан издөөгө алынган.
Андан сырткары Өзгөн районунун 1988-жылы туулган А.С. аттуу тургунуна "зордуктоо" береси боюнча 2014-жылы кылмыш иши козголуп, Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБи тарабынан издөөгө алынган.
Москва шаарынан Ош облусунун Ноокат районунун 1965-жылы туулган А.У. аттуу тургуну (аял киши) "ден соолукка атайылап залал келтирүү" боюнча шектелип, издөөдө жүргөн. 2011-жылы Ленин РИИБи тарабынан издөөгө алынган.
Чүй облусунун 1985-жылы туулган Ж.А. аттуу жашоочусу "алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан тоноо" боюнча шектелип, издөөдө жүргөн жеринен кармалган. 2011-жылы Ленин РИИБи тарабынан кылмыш иши козголгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
10.07.2018. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
И.с к,т кылбай атын жазып койсонор кымышкерди кылмышкердей эле
10.07.2018. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Elaigun1991,азырынча статусу кылмышкер эмес кылмышка шектуу. Кылмышкер экенин сот аныктайт
10.07.2018. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошончо жылдан бери эми кармалышып атышабы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: