super.kg logo

Өлкө аймагына сырттан ташылып келген автоунааларга бажы алымдарынын өлчөмү төмөндөтүлдү

 

Өлкө аймагына сырттан ташылып келген автоунааларга бажы алымдарынын өлчөмү төмөндөтүлдү. Тийиштүү токтомго бүгүн, 10-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган чечим ашыкча эскирген автотранспорт каражаттарын азайтуу жана жеке жактардын өлкө аймагына электр, гибриддик кыймылдаткычтуу автотранспорт каражаттарын ташып киргизүүсүнө дем берүү, ошондой эле өлкөнүн автоунаа паркынын эскиришин алдын алуу боюнча ыкчам чара көрүүгө багытталган.

Өкмөттүн токтому аркылуу бензин жана дизелдик кыймылдаткычтуу автотранспорт каражаттарына карата бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү өлчөмү 2014-жылкы коюмдардын деңгээлине чейин төмөндөтүлөт.

Мындан тышкары, гибриддик кыймылдаткычтуу унаа транспорттук каражаттарга 1 куб сантиметр үчүн 0,5 доллардан 0,6 долларына чейинки өлчөмдө бажы алымдарынын жана салыгынын өбөлгөлөөчү коюмдары киргизилет.

Электромобилдерге карата бажы алымдарынын жана салыгынын нөлдүк коюму киргизилмекчи.

Белгилей кетсек, аталган токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөн соң күчүнө кирет жана 2019-жылдын 31-декабрына чейин иштейт.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(5)
10.07.2018. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы жанылык
10.07.2018. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таможный союз бүттүбү?
10.07.2018. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Тушунбойм такыр биздин окмотко??? Эмнеге жылы эскирген машиналарды кирууго уруксат берет? Башканы койуп Бишкекти айтайын жолдордого эскилиги жеткен маршуруруттук каттамдар, эскилиги жеткен машиналарды коруп зээним кейийт! Качан бизде жаны автобустар пайда болот? Шаарыбыздын коркуно корк кошуп окмотубузго кызмат кылган
10.07.2018. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
daniel87,сенин жаны унаа алганга шартын болсо керек. Бирок бизде ошол эски унаа эле кызмат кылып атат
10.07.2018. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн жакшы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: