super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Бейиштей болгон Бейшеке айылында таза суу жок" дейт окурман

 

"Бейиштей болгон Бейшеке айылында таза суу жок" деген билдирүүсүн окурман "Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына жөнөткөн.

Окурмандын айтымында, Кемин районуна караштуу Кара-Булак айыл өкмөтүндөгү Бейшеке айылында таза суу маселеси көптөн бери чечилбей келет.

"Ааламга жол айылдан башталат" демекчи, 2018-жылды аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялаганы менен биздин айылда эч кандай өзгөрүү жок. Илгертеден келе жаткан таза суу маселеси дагы да болсо курч бойдон калууда. Ичүүчү суунун жетишсиздигинен жана убагында чыкпаганынан айыл тургундары арыктагы сууну тундуруп, кайнатып ичүүгө мажбур болушат. Айыл башында жайгашкан суу бөлүштүрүлүүчү жайдын абалы мышык ыйлай тургандай. Ал жакта мал кечип жүрөт, суу тазалаган атайын жабдыктар жакшы иштебейт, эскилиги жеткен", - дейт окурман.

Арыктан кир сууну ичип жатып балдар ар кандай жугуштуу ооруларга чалдыгып жатканын окурман кошумчалаган.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Бейшеке айылындагы таза суу маселеси

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
10.07.2018. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оозу менен орок оргон биздин чиновниктер элдин ушундай проблемасын карашпайбы. Креслого отуруп алышып карапайым элге фараон корунбой.
10.07.2018. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таза сууга деп акча сурап келгенин жинин келет кыйратып сууп алып келгенсип
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: