Криштиану Роналду италиялык "Ювентус" футболдук клубуна өттү

Португалиялык футболчу Криштиану Роналду италиялык "Ювентус" футболдук клубуна өттү. Бул тууралуу "Реал Мадрид" футболдук клубу социалдык тармактагы баракчасында жарыялады.
Маалыматка ылайык, 33 жаштагы футболчу менен "Ювентус" футболдук клубу ортосунда 4 жылдык келишим түзүлдү. Италиялык клуб Роналду үчүн "Реал Мадридге" 112 миллион евро төлөдү.
Айта кетсек, Криштиану Роналду "Реал Мадрид" клубуна 2009-жылы өтүп, ушул убакытка чейин 15 трофей жеңгенге үлгүргөн. Алардын ичинде Чемпиондор Лигасынын 4 кубогу бар. Андан тышкары, "Алтын топтун" 5 жолку ээси төртөөнү "Реалдын" курамында алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
4

Реал дегенде Роналдуну элестетер элем. Эми кучтуу оюнчуга жашына карабай деле улуу клубдар кызыгары маалым экен да. Ювентусту мындан дагы алдыга чыгара бер