super.kg logo

Вице-премьер: "Балдардын мектепке чейинки өнүгүү маселеси өкмөттүн көңүл чордонунда"

 

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Чүй облусунун Аламүдүн райондук китепканаларына барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, вице-премьер-министр балдарды, анын ичинде мектеп жашына чейинкилерге багытталган долбоорлор маанилүү болуп санала турганын белгиледи.

"Өкмөт аймактык саясат Концепциясынын алкагында мындай борборлорду туруктуу негизде уюштурууну пландаштырууда. Облустардагы өкмөттүн ыйгарым өкүлдөрүнө жайкысын мектепке чейинки мекемелерге барбаган же эс алууга чыгууга мүмкүнчүлүгү жок балдар ата-энелери менен биргеликте убакытты пайдалуу өткөрүү үчүн боз үйлөр орнотулган. Мындай жол менен балдарды эрте өнүктүрүүгө ата-энелердин жана коомчулуктун көңүлүн гана бурдурбастан, балдардын китеп окууга болгон сүйүүсүн ойготобуз", - деди Алтынай Өмүрбекова.

Вице-премьер-министр билдиргендей, бүгүнкү күндө республика боюнча мындай 50 борбор ачылган. Бул борборлордо балдар 3-5 саат бою оюндарды ойноп, сүрөт тартуу, окуу, шуру тизүү жана башка чыгармачылыктар менен алектенишет.

"Өлкөдө 1050 китепкана иштейт, алардын 50сү республикалык бюджеттен, калгандары жергиликтүү бюджеттен каржыланат. Бирок маселе бүгүн маалыматтык технологиялар доорунда, китеп окуу электрондук түргө өтүп жаткандыгын эске алуу менен аларга барбай калышканында болуп турат. Буга карабастан, биз балдардын чыгармачыл секцияларын киргизүү аркылуу китепканаларды өнүктүрүүгө ниеттенүүдөбүз. Бул идеяны ишке ашыруу максатында Билим берүү жана илим министрлигине негизги ишинен тышкары балдар менен алектене турган китепканачылар үчүн кыска мөөнөттүү курстардын методикасын даярдоо тапшырылды. Менимче, эгерде баштапкы баскычында биз өлкө боюнча 100 китепкананы ишке киргизсек, анда алардын саны көбөйөт", - деди ал.

Вице-премьер-министр мындай долбоорлордун туруктуу болуу жана ишине тиешелүү каржылоону алуу мүмкүндүгү изилденип жатканына өзгөчө көңүл бурду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: