super.kg logo

Орусиянын Таганск районунда полиция кармап кеткен Кыргыз жарандары бошотулууда

 

Орусиянын Таганск районунда полиция кармаган Кыргыз мигранттары бошотулууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчисинин басма сөз кызматкери Гүлбарчын Байымбетова билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда он Кыргыз жараны бошотула элек.

"Бул кырдаал боюнча Элчиликтин кызматкери Орусиянын Ички иштер министрлигинин Таганск районунундагы башкармалыгында болду. Кармалган Кыргыз жарандары бошотулууда, азырынча он жаран калды. Жарандардын документтери, анын ичинде каттоосу тыкыр текшерилүүдө. Бирок эч кандай депортация кылуу же айып пул салуу болгон жок", - деди Байымбетова.

Эске салсак, Орусиянын Таганск районунда полиция кызматы Кыргыз мигранттарын кармап райондук полиция бөлүмүнө жеткирип жатканын Орусияда иштеген айрым Кыргыз жарандары социалдык түйүндөрдөгү өздүк баракчалары аркылуу таратышкан. Ал эми Орусиянын президенти Владимир Путин 27-июнда мигранттарды каттоо эрежелери боюнча мыйзамга кол коюп, мыйзам 8-июлда күчүнө кирген. Ага ылайык, Орусияда иштеп жүргөн чет өлкөлүк жарандар иштеген жерине эмес, жашаган жери аркылуу гана каттоого туруусу зарыл деп айтылган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
11.07.2018. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошондо ким эмне кылып жатат кантебиз эми ? Кыргыз бир туугандар аракет коруп жаткандар жаза кетиниздерчи?
11.07.2018. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кечее юрист айым айтып жатпады беле он мин рублга чейин карматып жатышат полицайларга деп,посольства дагылар калп айтышабы же эмне болуп жатканы менен толук маалыматтары жокпу???
11.07.2018. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындап кармап жатабы? Же жазаарга эч нерсе таппай элеби????
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: