super.kg logo

Тик учактын кулашы иликтенип жатат

 

Кырсыктаган Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү тик учагыТүштүк Эңилчекке кулаган тик учак боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Башкы штабдын басма сөз катчысы Гүлзат Жарашева кабарлады. Анын айтымында, Аскер прокуратурасы менен Башкы штабдын кызмат адамдарынан турган комиссия түзүлүп, өз ишин баштады.

Маалым болгондой, тик учак азырынча кырсык болгон жерден чыгарыла элек. Ал Түштүк Эңилчекке бир жак капталы менен кулап, жараксыз абалга келген.

"Комиссия жыйынтык чыгармайынча кошумча эч кандай маалымат бере албайбыз. Комиссиянын корутундусун күтөбүз", - деди Жарашева.

Эске салсак, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү тик учагы 9-июль күнү эртең менен Хан-Теңири чокусуна жакын жердеги Түштүк Эңилчек мөңгүсү тарапка кулап түшүп, ичинде отурган төрт адам жаракат алгандыгы айтылган. Үчөө аскер кызматкерлери болсо, бирөө котормочу болгон. Алар Хан-Теңири чокусундагы чет өлкөлүк альпинисттерге тамак-аш, дары каражаттарын жеткирүүгө бара жатышкан.

Андан кийин аларды куткарып келүү үчүн дагы бир учак жиберилип, жалпы 6 адам Бишкекке алынып келип дарыгерлерге өткөрүлүп берилген. Алардын ичинен Япония жаранынын абалы оор болгондуктан Бишкектеги №4-ооруканада операция жасалып, жандандыруу бөлүмүндө жаткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: