super.kg logo

Өлкө аймагына аткезчилик жол менен ташылып келе жаткан канаттуулардын эти кармалды

 

Өлкө аймагына аткезчилик жол менен ташылып келе жаткан 312 куту канаттуунун эти кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан (Каржы полициясы) кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аткезчилик жол менен ташылып келе жаткан товар Каржы полициясынын кызматкерлери менен Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чарасынын натыйжасында кармалган.

"Ак-Жол" чек ара өткөрмө бекетинен Э.М. аттуу жаран башкарып бараткан Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унааны текшерүүгө алганда андан 312 даана кагаз кутуга салынган тооктун жана өрдөктүн эти табылган. Канаттуунун эттерин өлкө аймагына алып кирүү боюнча эч кандай уруксат кагаз болгон эмес. Ал Кытайдан Кыргыз өлкөсүнө ташылып келе жатканы белгилүү болгон.

Соода жана өнөр жай палатасынын корутундусу боюнча кармалган товардын орточо базар баасы 700 миң сомдон жогору бааланган. Учурда бул факт боюнча чогулган материалдарга юридикалык баа берилүү үчүн Каржы полициясынын тергөө органдарына өткөрүлүп берилди", - деп жазылат маалыматта.

Евразия экономикалык комиссиясынын 2014-жылдын 9-октябрында кабыл алынган №94-чечимине ылайык, ветеринардык көзөмөлдөн өтүүчү товарларды өндүргөн фирмалар ЕАЭБдин атайын реестринде катталууга тийиш.

Өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык мамлекеттик инспекциянын 2016-жылдын 15-декабрында кабыл алынган №94-буйругуна ылайык, 2017-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз өлкөсүнө ЕАЭБге кирбеген башка өлкөлөрдөн эт алып келүүгө убактылуу чектөө киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: