super.kg logo

Астротөлгө: 12-июлда тынбай иштеп, акча табуунун жолун билген адамдар төрөлөбү?

 

12-июль күнү тынчы жок, фантастикалык кыялдар менен жашаган адамдар төрөлүшөт. Бул күнү төрөлгөндөр ар түрдүүлүктү жакшы көргөндүктөн, дайыма кызыктуу окуялардын коштоосунда жүрүшөт. Активдүү, талыкпаган эмгеги менен бийик максаттарга жетет.

12-июлда төрөлгөн адамдардын амбициясы күчтүү болгондуктан кол жеткис кыялдарын ишке ашыра алат. Өздөрүнө болгон ишеними жогору. Ошондуктан акчадан акча жасай алгандан коркпойт. Мындан улам материалдык жактан тартыштык жаралбайт. Финансы жаатында мыкты ишкерлер боло аларын айта кетпесек болбойт. Бул күнү төрөлгөн рактар иштөөнү эрте баштап, акча табуунун жолун таба билишет. Булар жашоосунда жумуш менен карьераны башкы орунга коюшат. Журналистика, финансы, медицина тармагында ийгиликтүү карьера жасай алат. Бейтааныш адамдар менен тил табышып, тааныш эмес чөйрөгө бат эле көнүп кетет.

Эгерде ал активдүү жана күчтүү өнөктөш тапса, үй-бүлөдө бактылуу адам болот. Узак убакытка чейин ата-энеси менен бирге жашоону каалашат.

Бул күнү төрөлгөндөрдүн бир жаман жери - жаны тынбай иштегендиктен, өздөрүнүн ден соолугуна көп көңүл бурушпайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: