super.kg logo
  Спорт  

Конор Макгрегордун туулган күнүнө карата анын айкели жасалды

 

Конор Макгрегордун туулган күнүнө карата анын айкели жасалды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ирландиялык мушкер Конор Макгрегордун туулган күнүнө карата мрамордон анын айкели жасалган. Ал 66 миң долларга бааланып, салмагы 100 килограммдан ашат.

Белгилүү болгондой, аталган айкел Лондондогу "JD Malat" галереясына мушкердин туулган күнүндө, 14-июлда коюлуп, 30-сентябрга чейин турмакчы.

"Конордун белегимди кабыл алганы - мен үчүн чоң сыймык. Айкелди жасоо үчүн байыркы Грециянын тарыхына кайрылдым. Ал мезгилде спортчулардын элеси Кудайлардын элесиндей эле мрамор бетине түшүрүлчү", - деп билдирген айкелдин автору Эдгар Аскелович.

Айта кетсек, Макгрегор 2018-жылдын январь айында UFC`нин абсолюттук чемпиону наамынан ажыраган. Акыркы беттешин ал 2016-жылы Эдди Альварес менен өткөргөн. Анда Макгрегор атаандашын 2-раундда техникалык нокаут менен утуп алган. Өзүнүн спорттук карьерасында мушкер жалпы 24 беттеш өткөрүп 21инде жеңишке жетсе, 3 беттеште жеңилүү ызасын тарткан. Кийинки беттешин ал 2018-жылдын октябрь айында орус мушкери Хабиб Нурмагомедов менен өткөрөрү айтылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
11.07.2018. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Конор красавчик
12.07.2018. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Опкосу жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: