super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз жөө күлүгү Ева Кадырова жеңил атлетика боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда 4-орунду ээледи

 

Кыргыз жөө күлүгү Ева Кадырова жеңил атлетика боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугуна катышып 4-орунду ээледи. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Таиланддын Бангкок шаарында орун алган Азия биринчилигинде Кыргыз өлкөсүнөн 3 спортчу катышты. Анда ага машыктыруучу Андрей Самоловдун башкаруусунда Азия чемпиондугунда Ева Кадырова, Айнуска Калил кызы жана Сабина Батажиева күч сынашты. Тилекке каршы, Кыргыз спортчулары байгелүү орундарга илинбей калды. Ева Сабинова 100 метр аралыктагы жарышта 12,62 секунд жыйынтыгын көрсөтүп 4-орунга татыды. 200 метр аралыктагы жарышта Ева Кадырова 8-болуп келди. Айнуска Калил кызы 3 миң метр аралыкта жарышып 8-орунга ээ болсо, Батажиева алыстыкка секирүү боюнча мелдеште эреже бузуп, мелдештен четтетилди.

Азия чемпиондугуна катышкан Кыргыз спортчулар:

Ева Кадырова - спорт чеберине талапкер;

Айнуска Калил кызы - 1-даражадагы спортчу;

Сабина Батажиева - 1-даражадагы спортчу;

Ага машыктыруучу: Андрей Самолов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: