SUPER TV: Дааратканага барган 10 жашар кыз зордукталды
Сокулуктагы борбордук базардын дааратканасы. Ал ээн токой сыяктуу, бак-шактуу жерде жайгашкан.

Сокулукта 10 жаштагы өспүрүм кыз белгисиз адам тарабынан зордукталды. Милициянын маалыматына ылайык, окуя кечээ, 10-июлда Сокулуктун борбордук базарында саат 14:00 чамасында болгон. Апасынын соода-сатыгына жардам берип жаткан кыз, базардын артындагы дааратканага чыкканда, ага бейтааныш адам күч колдонуп, зордуктаган.
Өспүрүм кызды зордуктаган адам окуя болгон жерден качып кетүүгө үлгүргөн. Ал эми жабырлануучу кызды апасы жарым сааттан кийин издеп чыгып, жылаңач, ыйлап жаткан жеринен тапкан. Анын абалын көргөн соодагерлер дароо милиция кызматкерлерин чакырып, кызды ооруканага жиберишкен.
Видеоматериалды толугу менен көрүү үчүн SUPER TV бөлүмүнө шилтеме аркылуу өтүңүз.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
-2

Байкуш секелек аябай боорум ооруп жатат. Ата энесине да кыйын болду.