super.kg logo

2020-жылы Кыргыз өлкөсүндө калкты каттоо жүргүзүлөт. Буга жарым миллиард сом кетет

 

Калкты жана турак жай фондун каттоого алууну 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин өткөрүү пландаштырылууда. Бул тууралуу 11-июлда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун төрагалыгы астында өткөн Калкты жана турак жай фондун 2020-жылы каттоого алуу боюнча республикалык комиссиянын алгачкы жыйынында белгилүү болду.

Боронов белгилегендей, калкты жана турак жай фондун каттоого алуу – мамлекеттик маанидеги иш-чара.

"Каттоо жүргүзүү белгилүү социалдык, демографиялык жана экономикалык сапаттары боюнча өлкө аймагында жашап жаткан калктын расмий эсебин алууга мүмкүндүк берет. Ошондуктан бул иш-чарага тыкыр даярдык көрүү абдан маанилүү. Калкты каттоого алууну сапаттуу жүргүзүү мамлекеттин жалпы тармагынын бардык аспектилерине өз таасирин тийгизет. Калктын санын аныктоо республиканын демографиялык саясатын жана социалдык-экономикалык программасын иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. Алсак, ал эмгек миграциясынын абалын тактоого, зарыл болгон жерлерде билим берүү, медициналык мекемелерди жана өнөр жай объектилерин курууга мүмкүндүк берет", – деди ал.

Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Акылбек Султанов Республикалык комиссиянын мүчөлөрүнө калкты жана турак жай фондун каттоого алууга даярдык көрүү жана аны өткөрүү тууралуу маалымат берди.

"2019-жылы Чүй облусунун аймагында тутумду тестирлөө үчүн сыноо иретинде каттоо жүргүзүү пландаштырылууда. Тартылган кызматкерлердин жалпы саны 25 миңге жакын адамды түзөт, ал эми тестирлөө процессине 500гө жакын адам тартылат. Калкты каттоого алуунун жаңылыгы катары каттоо программасына эмгек миграциясын мүнөздөгөн суроолордун моделдик блогунун, туруктуу өнүгүү максаттарынын көрсөткүчтөрүн түзүү үчүн суроолордун киргизилиши саналат. Ошондой эле биз мүмкүнчүлүгү чектелген жактардын такталган саны тууралуу маалымат алабыз", – деди Султанов.

Өкмөттүн алдын ала маалыматы боюнча, 2018-жылдан 2020-жылга чейин жалпы кампанияны өткөрүүгө 547,5 миллион сом керектелет. Көрсөтүлгөн каражаттын көпчүлүк бөлүгү (62 пайызы) кызматкерлердин – каттоого алуучулардын, регистраторлордун, инструкторлордун айлык акысына керектелет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.07.2018. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кытайдан карызга алгыла дагы 500 миллиард. Эмне учун ошончо акча керек болот? Мага бир миллион бергиле мен эсептеп чыгып берем
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: