Ноокатта 18 жаштагы тургун суу сактагычка чөгүп кетти
11-июлда Ноокат районундагы Найман суу сактагычына 18 жаштагы С.Б. аттуу бала чөгүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, 18 жаштагы баланын сууга чөгүп кеткени боюнча маалымат саат 15:30 чамаларында келип түшүп, кырсык болгон жерге 10 куткаруучу жиберилген. Издөө иштеринен натыйжа болбогондуктан саат 21:45те издөө аракеттери убактылуу токтотулуп, бүгүн издөө аракеттери улантылууда.
Министрликтин 10-июлда тараткан маалыматына караганда, жайкы эс алуу учурунда сууга чөгүп каза болгондордун саны 36га жеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(1)
Brilant-zhylan

12.07.2018. 16:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин жердешим экен, кече эле мектепти аяктаган бала болчу аттин жаткан жери жайлуу болсун аллаахым жакындарына сабыр берсин
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.