Түркмөнстандын президенти небереси менен рэп окуган видео тарады
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов синтезатордо ойноп, небереси менен рэп стилинде ыр ырдады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматтарга ылайык, учурда Бердымухамедов Каспий деңизинин түркмөн жээгинде эс алууда. Ал "Спорттук Түркмөнстан" ырын жазган, ал эми небереси Керимгулы ырды англис тилине которуп, музыкасын даярдаган.
"Президент синтезатордо, небереси гитарада ойноп жаңы ырды рэп стилинде аткарышты. Ырдын куплеттерин алар алмак-салмак ырдашты. "Спорттук Түркмөнстан" ыры сентябрь айында өтчү "Амүл-Хазар 2018" эл аралык автораллиге жана түркмөн спортунун жетишкендигине арналган", - деп жазышат басылмалар.
Түркмөнбашы небереси менен рэп окууда
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

Бул видеохостингди жарнамалоого тыюу салынган!