super.kg logo

Астротөлгө: 13-июлда төрөлгөндөр сүйүктүүсүн мээримге бөлөп, камкор болушабы?

 

13-июль күнү токтоо, алдына кандайдыр максат коюп, ага жетүүгө умтулган адамдар төрөлөт. Бул күнү төрөлгөн адамдар өзүнө берилген жоопкерчиликти сезе билет. Жашоосундагы негизги маселелердин бири - бул материалдык байлык болуп эсептелет. Бул күнү төрөлгөн адамдардын алдыга койгон максатынын аркасында ийгиликке жетүүсүн жакын адамдары жакшы билишет. Булар жакын адамдарынын ишенимин актап, жумушта болобу, коомчулукта болобу өз максаттарына жетүү үчүн кандай гана иш болбосун иштөөгө даяр адамдар. Акчага абдан кылдаттык менен мамиле жасашат, бул сараңдык эмес, акчаны жөн эле нерсеге корото бербей пайдалуу нерсеге коротууну жакшы көрүшөт.

Жеке мамиледе мээримдүү жана камкор болушат. Бул күнү төрөлгөн адамдар өз бактысын чаян, бийкеч жана балык жылдызынын алдында төрөлгөндөрдөн издесе жаңылышпайт. Ал эми эгиздер, кой, бөйөн, суу куйду жылдызында төрөлгөн адамдар менен эч качан тил табыша албайт. Андыктан булардын арасынан бактысын издебей эле койгону оң.

Өз кесибинде ийгиликтерге жетүү үчүн олуттуу аракеттерди жасайт. Эгерде баштаган иши ийгиликсиз болуп жоготууларга, чыгым болууга алып келсе кайгырбайт, кейибейт. Бул аларга сабак болот. Эгер иши жүрүшпөй, ийгиликсиз болуп жатса, келечегин кийинкиден күтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
13.07.2018. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бүгүн менин туулган күнүм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: