super.kg logo

Ысык-Көлдө эс алуучулардын буюмдарын атайын уурдоого келген жаран кармалды

 

Ысык-Көл облусунда эс алуучулардын буюмдарын атайын уурдоого келген адам кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жайкы туристтик мезгилде курорттук-эс алуу жайларында эс алуучулардын, туристтердин коопсуздугун жана буюмдарынын сакталышын камсыз кылуу максатында коомдук тартипти сактоого, ошондой эле ар кандай укук бузууларын алдын алуу боюнча ИИМдин атайын багыттагы полкунун кызматкерлери кошумча күч катары тартылган.

"10-июль күнү ИИМдин кызматкерлери Бостери айылында жайгашкан "Золотые пески" пансионатында коомдук тартипти сактоо боюнча кызмат өтөп жатышканда, алардын көӊүлү бир эс алуучунун кызыктай болгон жүрүм-турумуна бурулат. Анын өздүгүн аныктоо мезгилинде, кийип жүргөн шымынын арткы чөнтөгүнөн целлофанга салынган салмагы 25 граммды түзгөн марихуана баӊгизаты табылган. Мыйзамсыз баӊгизатын сактагандыгы үчүн шектелип кармалган адам Кара-Балта шаарынын 25 жаштагы тургуну, мурда уурдоо беренеси менен соттолуп келген Ш.Н. аттуу жаран болгон. Райондук милициянын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө иштеринин натыйжасында, Ш.Н. Ысык-Көл облусуна атайын эс алуучулардын буюмдарын уурдоо үчүн келгендигин айткан. Тактоо иштеринин жүрүшүндө ал жаран милициянын каттоосунда "кылмышкер-гастролер" катары тургандыгы белгилүү болгон. Мыйзамсыз баӊгизатын сактагандыгы үчүн чогулган материалдар Ысык-Көл РИИБинин тергөө кызматына юридикалык баа берүү үчүн жиберилди", - деди маалымат катчы .






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: