Эртең Бишкек шаардык кеңеши мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө маселесин карайт
Эртең, 13-июлда Бишкек шаардык кеңештин депутаттары кезексиз жыйында мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө маселесин карайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына шаардык кеңештин депутаты Рыспай Аматов билдирди.
Анын айтымында, шаардык кеңештин бардык фракциялары мэрге ишеним көрсөтпөө боюнча сунуштарын беришкен. Аматов билдиргендей, мындай чечимди кабыл алууга учурдагы болуп жаткан окуялар себеп болду.
Эске салсак, биринчи вице-мэр Ринат Макенов Бишкектин №12-кичи районундагы 3,38 гектар жер тилкесин жеке жактарга мыйзамсыз түрдө бөлүп жиберген деп шектелип, 6-июлда суракка чакыртылгандан кийин камакка алынган. Ошондой эле козголгон иштин алкагында мэриянын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Урмат Мурзаканов дагы камакка алынган.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:51
2025-07-07

17:54
2025-07-07

16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
-1

