super.kg logo

Бакиевдин тушунда киши колдуу болуп каза болгон депутаттар, журналисттер, спортчулар

 

2005-2010-жылдар аралыгында Кыргыз коомчулугуна белгилүү коомдук-саясий ишмерлер, депутаттар, журналисттер, спортчулар киши колдуу болуп каза болушкан. Бул аралыкта Курманбек Бакиев президент болуп турган. Төмөндө Бакиев башкарып турган мезгилде киши колдуу болуп каза болгондордун тизмеси.

Үсөн Кудайбергенов

2005-жылы 10-апрелде коомдук ишмер, каскадёрлор тобунун жетекчиси Үсөн Кудайбергеновду үйүнө кирип бара жаткан жеринен белгисиз бирөө атып кеткен. Кудайбергенов 2005-жылдын 24-мартындагы окуянын негизги катышуучуларынын бири болгон.

Баяман Эркинбаев

2005-жылы 21-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаев киши колдуу болуп көз жумган. Аны саат 22:00 чамасында үйүнө кайтып келе жаткан учурда белгисиз бирөө атып кеткен. Ал алган жаракатынан улам ооруканага жетпей жан берген. Депутатка ушул эле жылдын 29-апрелинде дагы кол салуу болуп, анда атылган ок мурдун жанып кетип, аман калган.

Тынычбек Акматбаев

2005-жылы 20-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаев №31-колонияга барган учурунда абакта жаткандар тарабынан ок атылып, өзү жана жан сакчылары каза болгон.

Раатбек Санатбаев

2006-жылы 8-январда кечки саат 20:00 чамасында Бишкектеги 7-кичи райондо инисинин үйүнүн алдынан грек-рим күрөшү боюнча спорттун чебери, атактуу балбан Раатбек Санатбаевди белгисиз бирөөлөр атып кеткен.

Рысбек Акматбаев

Кылмыш дүйнөсүнүн авторитети аталган Рысбек Акматбаевди 2006-жылдын 10-майында саат 18:00дөн өтүп калган маалда Бишкекке жакын Көк-Жар айылындагы мечиттин жанынан белгисиз адамдар атып кеткен. Бул окуяга чейин ал Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган, бирок мандатын ала элек болчу.

Жыргалбек Сурабалдиев

2005-жылы 10-июнда парламенттин депутаты Жыргалбек Сурабалдиевди Бишкектин борбордук бөлүгүнөн атып кетишкен. Кол салуу түшкө маал Орус драма театрынын жанында болгон, ага унаадан ок чыгарышкан. Сурабалдиевдин жан сакчысы да ок чыгаргандар менен атышууда жаракат алып көз жумган.

Айбек Алимжанов

2006-жылы 15-октябрь күнү саат 20:30 чамасында Ош шаардык кеңешинин депутаты жана шаардагы өзбек улуттук маданий борборунун президенти Айбек Алимжановду Ош шаарындагы кафелердин биринен белгисиз бирөөлөр атып кеткен.

Алишер Саипов

2007-жылдын 24-октябрында өзбек тилдүү "Саясат" гезитинин башкы редактору Алишер Саиповду белгисиз адамдар атып кеткен.

Юрий Александров

2008-жылы 7-март күнү "Вечерний Бишкек" гезитинин журналисти Юрий Александров жубайы экөө дайынсыз жоголушкан. Экөөнүн жансыз денелери бир нече күндөн кийин табылган.

Анвар Алиев

2008-жылы 4-августта Баңгизат бизнеси менен күрөшүү бөлүмүнүн начальнигинин орун басары, полковник Анвар Алиевди белгисиз бирөөлөр атып кеткен.

Бахтияр Амиражанов

Ошол кездеги Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутаты Жусупжан Жээнбековдун уулу Бахтияр Амиражанов 2008-жылы 24-сентябрда Бишкек шаарынан дайынсыз жоголгон. Анын сөөгү бир жылдан кийин Чоң-Кемин аймагынан табылган.

Руслан Шаботоев

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутаты Руслан Шаботоев 2008-жылы 30-сентябрда дайынсыз жоголгон. Анын сөөгү толук бир жылдан кийин Байтик айылынан табылган. Тергөөнүн жыйынтыгына таянсак, Шаботоев менен казак крим чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн бири менен жолугушууда жаңжал чыгып, ал ок чыгаруудан көз жумган. Бирок бул жыйынтыктын аныгына эч ким кепилдик бере албайт.

Медет Садыркулов

2009-жылы 13-мартта Казакстандын Алматы шаарынан келе жаткан президенттик администрациянын экс-башчысы Медет Садыркулов жанындагы адамдары менен каза болгон. Алардын сөөгү өздөрүнүн өрттөнгөн унаасынын ичинен табылган. Кийин бул өлтүрүү Бакиевдер тарабынан жасалган деп айтылган.

Санжар Кадыралиев

2009-жылы 14-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Cанжар Кадыралиевди Бишкектеги Бөкөнбаев жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйүнүн жанынан атып кеткен.

Геннадий Павлюк

Кыргыз коомчулугуна белгилүү журналист Геннадий Павлюк 2009-жылы 16-декабрда каза болгон. Аны Казакстандын Алматы шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен колу-буту байланган бойдон ыргытып жиберишкен. Ал оппозициялык маанайдагы журналист болгон жана Ибрагим Рустанбек псевдоними менен белгилүү болгон.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(22)
06.09.2018. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Биздин тушта деле акырындаан "жок"кылып жатышат го))
06.09.2018. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-20
monster_high_98, Кайсы сенин тушунда? Так айтчы? Азыр болсо оюна келгенди оттой бергендердин деле бир тал чачы тушпой журот
06.09.2018. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Bazake,Козумо укмуш акылдуу корунбочу!Козунду чоон ачып оку коментти
06.09.2018. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Канчалаган адамдын жанын кыйган айбандар эркиндикте журушот
06.09.2018. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
aman0296, Бакиевдердин тушунда улуу адамдар олсо Атамбаев тушунда уктап жаткан бейкуноо наристелер коз жумуп кетти. Ошону да жазгыла
07.09.2018. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Bazake,++++++
07.09.2018. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bazake,оптом оптом самолет мененби
06.09.2018. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Маанилүү тема козгопсуздар супер инфо,Кыргыздын патриот жигиттерин чекеден эле атып салганго ит аткандай кылып, өлгөн патриот жигиттерибиздин арасынан азыркы учурда тирүүсү болгондо балким команда түзүп Кыргызстаныбызды алга чыгармак беле ким билсин!
07.09.2018. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
4ika1989,кимге патриот,кимге бандиттер...
06.09.2018. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Кийинки президенттердин убагында эч ким өлгөн жок беле?Дача суудакы авиякырсык кимге тиешелүү оозго талкан салып алгансып эч кимиң унчукбайсыңар жазбайсыңар.
06.09.2018. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
titanik32,аны атайлап олтурду дейсинби
06.09.2018. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баары Кудайдын алдында жооп берери анык бирок бул дуйнодо кутулганы менен.
06.09.2018. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
2005-2010чейин Крим тоболдор олсо олду. А эмнеге 2010-жылы КЫРГЫЗ балдар, жаш секелек кызлар зоордукталып ортонгонун айтбайсынар? 2000ден ашык адам олгон. Аны жашырган ошол учурдагы бийлик...
06.09.2018. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эх чиркин өмүрлөр. Кудай буюрса толук жазасын Аллах берет күнөөлүүлөрдүн.
06.09.2018. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бакиев кырбадыбы озгочо 7 апрелде
07.09.2018. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бакиев Кыргызстандын онуктуро турган жалгыз президент болчу! Алып келищибиз керек Бакиевди. 7 апрелде элди. Убактылуу окмот болгондор аттырган. Бакиев Эл аралык тергоого откоргуло десе. У-бактылуу окмот, откоро албай койгон. Оздорунун айыбы ачылмак да. Туштук жергесинде канча кыргыз Каза болду. Жашырып эле коюшту го. Так санын айтпайт. ХХХХХХХХХХ Эл оозунда элек жок. Бул создор Бекер чыкпай ...
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-07 11:20:48
07.09.2018. 08:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бакиевден кийинки заманда деле карапайым адамдар оз ажалы менен эмес киши колдуу болуп олтурулуп жатышпайбы.
07.09.2018. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мына тизмеде жон эле кошулуп калгандар журотго криминалдар.2010 -жылдан кийин олтурулгондорду дагы жазып койгула ушунча болду.ХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-07 09:27:34
07.09.2018. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Копчулугу, тен жарымынан кобу криминалдар же ошол дуйно мн алакасы барлар. Им не жалко. Качан ушу крим. чойро кырылып кетет экен. Бийлик мн тил бириктирип 2лоп Кыргызстандын тарпын чыгарып бутушту
07.09.2018. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Каанча адамды заказ берип олтурткон Бакиев шумшук 5 жылдын ичинде. Жазасын берсин кудайым. Андан бери тынч эле болуп калдык го шугур. Чындык болуп турса да жактагандарга тан калам. Лишь бы бир нерсе кылып акташ кк Бакиев жакшы деп ар жагына синип калган. Ой жугуртуу жок. Же актанган китебине ишенип алышкан. Билбегенден кийин биз саясатты суйлобой эле коелучу ар ким озун актайт ар кандай оюн ойнолот оз козун мн корбогондон кийин ушактарга ишенип суйлобонуздор. Башкысы мекенибизде тынчтык болсун.<
08.09.2018. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tokitok,оз жазганынды жакшылап баш аягын окуп чыксын эки болок мындайча айтканда бир созун экинчи созун каршымын чыгыптыр!Мее эчкимге две тартпадым коркуп жазыпсын шашылбасын окуп чык жазганынды!
08.09.2018. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Андан кийинки экооосу досу учообу жыргатышкан жок канча деген жан кыйылды туштукто! Алыс кетпейлик уктап жаткан бей куноо адамдарды самалет басып калды аны ким унцтпайт ! Эми бунусунда королуукчу не болсо да ынсап берсин кээчке спектакиль аткарбай жакшы иштешсин!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: