super.kg logo

Жогорку Сот "Сентябрь" телеканалынын арызын кароодон баш тартты

 

Жогорку Сот 12-июлда "Сентябрь" телеканалынын кайрадан берилген кассациялык арызын кароодон баш тартты. Телеканалдын жетекчилигинен SUPER.KG'ге кабарлашкандай, Жогорку Сот телеканал боюнча буга чейин эле акыркы чечим кабыл алгандыгын жүйө келтирип, ушундай чечимге келди.

"Жогорку Сот 2017-жылдын 27-декабрында эле каналды жабуу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырып койгон. Бирок арыз туура эмес берилгендигин айтышкандан кийин, биз кайрадан арыз берип көрдүк. Тилекке каршы, Жогорку Сот буга чейин эле акыркы чечим кабыл алгандыгын жүйө келтирип арызды кароодон баш тартты", - деп билдиришти телеканалдын жетекчилигинен.

Айта кетсек, Башкы прокуратура сотко 2016-жылдын 29-сентябрында Абдылда Капаров аттуу жаран Жалал-Абадда "Сентябрь" телеканалына 2010-жылдагы Ош окуясы тууралуу маек берип жатып, улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган пикирин айтканын жүйө келтирип телеканалды жабуу өтүнүчү менен Биринчи Май райондук сотуна кайрылган. Сот Башкы прокуратуранын өтүнүчүн карап, 2017-жылы 22-августта каналдын ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Чечим күчүнө киргенден кийин аталган канал ишмердүүлүгүн токтоткон.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.07.2018. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Текебаев дегенде түшүнөн чочуп жатышса кантип карамак эле.2020 жылы парламентик шайлоого чейин Текебаев боюнча бир да иш каралбайт себеби Текебаев чыкса кайра шайлоого барат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: