"Мэр Албек Ибраимов шаардын иши күчөп жатканда эмгек өргүүгө чыгып кеткени туура эмес" дейт Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы
"Мэр Албек Ибраимов шаардын иши күчөп жатканда эмгек өргүүгө чыгып кеткени туура эмес" деп бүгүн, 13-июлда журналисттерге Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев билдирди.
Анын айтымында, бул апта бою мэр Албек Ибраимовду көргөн эмес. "Биз КСДП фракциясы Ибраимовду колдоп, мэрликке сунуштаганбыз. Жоопкерчилик менен шайлаганбыз. Шаарда азыркыдай кырдаал болуп жатканда абдан жаман абалга алып келбесин деп ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алууну чечтик. Биринчи вице-мэр Ринат Макенов камакка алынганда жумушун таштап эмгек өргүүгө кетип калганы туура эмес", - деди ал.
Төрага мэрлик кызматка ким сунуштала турганы боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.
Учурда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары 15 мүнөттүк тыныгууга чыгышты. Тыныгуудан соң мэрге ишеним көрсөтпөө маселеси каралат.
Эске салсак, биринчи вице-мэр Ринат Макенов Бишкектин №12-кичи районундагы 3,38 гектар жер тилкесин жеке жактарга мыйзамсыз түрдө бөлүп жиберген деп шектелип, 6-июлда суракка чакыртылгандан кийин камакка алынган. Ошондой эле козголгон иштин алкагында мэриянын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Урмат Мурзаканов дагы камакка алынган.
Шаардык кеңештин төрагасы: "Шаардын иши күчөп жатканда мэрдин эмгек өргүүгө кеткени туура эмес"

