Дүйнө чемпиондугунун кубогун оюн талаасына футболчу Филипп Лам жана модель Наталья Водянова алып чыгат



Дүйнө чемпиондугунун кубогун оюн талаасына футболчу Филипп Лам жана модель Наталья Водянова алып чыгат. Бул тууралуу ФИФАнын расмий сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, 15-июлда "Лужники" стадионунда орун алчу Дүйнө чемпиондугунун Франция-Хорватия курамалары кез келчү финалдык беттешинде Дүйнө кубогун оюн талаасына топ-модель Наталья Водянова жана Германия улуттук курама командасынын коргоочусу Филипп Лам алып чыгышат.
Айта кетсек, коргоочу Филипп Лам мындан 4 жыл мурун Германия курама командасынын капитаны болчу, дал ошол 2014-жылы ал башында турган курама команда Дүйнө биринчилигин багындырган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.