super.kg logo

Акыркы 2 жылда ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн 150гө жетпеген унаа ташылып келген

 

Кыргыз өлкөсүнө 2017-жылы ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн жеке адамдар аркылуу 68 унаа, 2016-жылы 67 гана унаа алынып келген. Бул тууралуу Экономика министрлигинин эксперти Айдар Самыкбаев SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн жаңы кабыл алынган токтомунан кийин ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн ташылып келген унаалардын саны көбөйүшү мүмкүн.

Статистикалык маалымат боюнча унаалардын үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келүүсүнүн кескин азайып кетишине бажы төлөмүнүн көбөйүп кетиши себеп болгон. Анткени Кыргыз өлкөсү 2014-жылы ЕАЭБге мүчө болуп жатканда биримдикке тиешелүү милдеттемелерди кабыл алган. Анда бажы төлөмдөрүнүн бирдиктүү баасы да кабыл алынган”, - деди Самыкбаев.

Эске салсак, 10-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкө аймагына сырттан ташылып келген автоунааларга бажы төлөмдөрүнүн өлчөмүн төмөндөтүү тууралуу токтомго кол койгон.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.07.2018. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жок дегенде 2003 жылкы унаалардан башташ керек эле уруксатты.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: