super.kg logo

Башкы прокуратура Молдомуса Конгантиевге козголгон кылмыш иштин кыскарышы боюнча иликтөөнү баштады

 

Башкы прокуратура президенттин тапшырмасынын негизинде Молдомуса Конгантиевге 2010-жылы козголгон кылмыш иштин кыскарганы боюнча иликтөөнү баштады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, кылмыш ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен Башкы прокуратура өзүнө өткөрүп алган.

“2010-жылы Молдомуса Конгантиевге Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси (кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу) жана 316-беренеси (шалаакылык) боюнча козголгон кылмыш ишинин кыскарышы учурда изилденип жатат. Кылмыш иштин кыскарышы боюнча чечимдин мыйзамдуулугуна карата баа иликтөө аяктаганда берилет, - деп жазылат билдирүүдө.

Айта кетсек, 12-июлда Талас облусунда президент Сооронбай Жээнбеков Молдомуса Конгантиевдин кылмыш ишин иликтеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү Башкы прокуратурага тапшырганын айткан.

Ал эми мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге козголгон кылмыш иши 18-июнда "Конгантиевдин аракеттеринде кылмыштын курамы жок" деп УКМК тарабынан кыскартылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
13.07.2018. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Конгантиев жооп берсин. ГКНБ, Прокуратура Сооронбайдын жеке кызыкчыгынын устундо гана иштеп калды. Сооронбай озунун кошоматчыларын бошотуп, конкуренттерин каматып жатканы эмнени билдирет.
13.07.2018. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Соттор эмне озуно ишеничтуу болбой калганбы.Акталдыбы болду да.Апрелчилер кысчуу жерин кысып эле журсо.Бир жолу баатыр болуп алышты го.Бекназаровду дагы текшерип чыгып керек Акаевдин убагынан бери жаны бийликке секирип эски бийликти жамандап келет.Жээнбеков озуно жакпаганды камап жатат дегенинер туура эмес.Атамбайып убагында иштеген чондордун баарын камаш керек.Себеби аша убагында кор.я малынган байыган анан баатырлар жана наам алгандар коп болду.Аша бардак кылып кеткен баарын
13.07.2018. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Mamiev, энн туура айтын. Бекназаровду да текшерип чыгыш керек. Бул киши да таза эмес. Бизди алдаган тулкунун энеси ушул кишилерден сабак алат.Конгантиев достойный генерал болчу эл учун иштеген. ИИМ министри болуп турганда кордукко
13.07.2018. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бакиев м-н Жээнбековдун кошоматчыларын актабай эле койгула. Аба ырайы жакшы болуп калса Жээнбеков жакшы, жаман болуп калса АША кунолуу болуп. Бабанов жакшы президент болмок АШАнар Сокени колдобогондо. Сокени эл деле таанычуу эмес. АША мураскорум деп Сокенерди жыргатты.
13.07.2018. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
erlan2196,Жээнбековду эч ким мактап мыкты президент деген жок.Ошондой эле Атамбайыпты да мактабадым.Болгону Аша кашасын чыгарып кеткени баарыбызга белгилуу.Водители генерал болуп диплому жоктор депутат акимден министрге которулсо наамдардын баркын кетирип Манас орденин пикетке чыккандарга берсе.Ак илбир наамын дабаркын кетирди.Карызга белчеден батырып коррупцияны гулдотуп кеткенин мектептеги баладан сурасан да айтып берет.Жээнбеков кыйратпаса да ошол Атамбайыптын адамдарын камап озун кошо камаса
13.07.2018. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озун кошо камап байлыктарын мамлекетке откорсо бул да жакшы иш кылган болот.Ошол Атамбаев убагында чириген байлар кобойуп алар азыр качып журот чет олкодо.
14.07.2018. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирин актап, бирин кылмыш ишин козгоп ,журоберет экенсинерго.
14.07.2018. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
«Бул кылмыш иштеринин арасында 2010-жылы козголгон жана 2010-жылдын 28-сентябрында өндүрүштөн токтотулган мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге карата козголгон кылмыш иши дагы бар. 2018-жылдын 29-майында тергөө кайра жанданып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Мен Башкы прокуратурага бул кылмыш ишин изилдеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырдым», - деди С. Жээнбеков.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: