Роналдунун кетиши менен "Реал Мадрид" футболдук клубу социалдык тармактагы күйөрмандарын дагы жогото баштады
Криштиану Роналдунун кетиши менен "Реал Мадрид" футболдук клубу социалдык тармактагы күйөрмандарын дагы жогото баштады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, белгилүү оюнчунун "Реал Мадрид" футболдук клубунан кетиши падышалык клубдун Твиттер социалдык тармагындагы окурмандарынын азайышына алып келген. 1 сутка ичинде клубдун баракчасын 1 миллиондон ашык адам окуудан баш тарткан. Буга карабастан клубдун баракчасында азыркы тапта 30 миллион окурманы бар.
Айта кетсек, 33 жаштагы футболчу менен "Ювентус" футболдук клубунун ортосунда 4 жылдык келишим түзүлгөн. Италиялык клуб Роналду үчүн "Реал Мадридге" 112 миллион евро төлөгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Неге бутот? футбол командалык оюн,бир оюнчу менен чектелбейт реал роналдуга чейин реал болчу кеткенден кийин дагы реал бойдон калат.
фанаттардын сөзү...