Тарых музейин жаңылоо: 5 берене боюнча кылмыш иши козголду
Мамлекеттик тарых музейин жаңылоодо бюджеттик акча каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 189 (ачык соода жана аукцион өткөрүүнүн тартибин кыянаттык менен бузуу), 304 (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 306 (Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу), 308 (бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу) жана 221 (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) беренелери боюнча козголду.
"Жарандык-турак жай курулуш департаментинин жана "С." аттуу иш аткаруучу компаниянын мыйзамсыз аракеттеринен улам жалпы эсепте 118 миллион 215 миң 200 сом бюджеттик каражат мыйзамсыз колдонулуп, мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирилди. Азыркы тапта кылмыш иши тергөө органдарына өткөрүлдү", - деп айтылат маалыматта.


Музейдин экспонаты атты эшек менен айырмалай албагандар, талды теректен айырмалай албагандар о.э. куу темирден жасалган отургучтарды асмандын башындагы суммага сатып алдык деген КОРРУПЦИОНЕРлер Албекке окшоп качпай ЭЛ алдында отчёт беришсин!!₽
Албек Ибраимов жер сатканда КРнын журтунун алдында качандыр бир кезде КАЧКЫН статусуна ээ болом деп ойлонбосо керек ээ....