super.kg logo

"10-класста окуган кызымды белгисиз балдар зордуктап кетти" дейт кимге кайрылар айласын таппаган эне

 

"10-класста окуган кызымды белгисиз балдар зордуктап кетти" деген билдирүүсү менен SUPER.KG порталына Токтогул районуна караштуу Өзгөрүш айылынын тургуну Г.Б. аттуу айым кайрылган.

Анын айтымында, 12-июль күнү белгисиз 2 жигит анын Ө.к.А аттуу кызын унаага салып кетишкен.

"Кызым өзү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, жакшы сүйлөй албайт, 12-июль күнү кызымды белгисиз 2 жигит унаага салып кетишкен. Кызымды издеп жүрүп 13-июль күнү түнкү саат 02:00дөр чамасында кошуна Жетиген айылында жайгашкан мүрзөлөрдүн арасынан таптык. Кызымды тапканда ал ур-токмокко алынганын көрдүк. Моюнунда муунткандан калган тактар жана көзү көгөрүп шишип калыптыр. Кийин кызым аны уурдап кеткен балдар зордуктаганын айтты", - дейт Г.Б.

Кордук көргөн кыздын апасынын айтымында, алар милицияга арыз жазып кайрылышкан. Жыйынтыгында Чоңко айылынын 2 тургуну кармалган. Ал эми судмедэкспертиза, тактап айтканда, гинеколог кыздын зордукталбагынын айтып жыйынтык чыгарып берген.

"Гинеколог кызымды текшерүүдөн өткөрүп ал зордукталган эмес деген жыйынтык чыгарды. Ал эми кызым аны унаага салып кеткен балдар зордуктаганын айтып жатат. Мен экспертизанын жыйынтыгы туура чыкканына күмөнүм бар. Азыркы тапта биз Токтогул райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүндө дарыланып жатабыз", - дейт Г.Б.

Жабыркаган кыздын апасы тийиштүү органдар ишти өз көзөмөлүнө алып ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кызына кордук көрсөтүп зордуктаган адамдарды камакка алуусун суранат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(24)
14.07.2018. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Эмне дештида билбей турам...., эки буттуу айбандар
14.07.2018. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Манкурт,айбандар...Силерде деле эже,карындашынар барго эмне анчалык тупойсунар..Аллах жазанарды берсин...
14.07.2018. 03:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Бизге кошуна айыл.
Чонко,акын Элмирбек Иманалиевтин айылы.
14.07.2018. 06:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
bul kyzdyn maiyptygynan paidalanyshyptyr daa, mumkun ХХХХХХ zorduktagandyr, kim bilet.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-07-14 18:45:29
14.07.2018. 08:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Кыргызымдын жигиттери качан эле майып алсыздарды зордоп кордук корсотчу эле.Мээне бир куйуп ал сенинда эжен карындашын аялын кызын бар.Ошолор кордук коргондо чыркырап чындык издеп айласын таппай калганда ушул кундорунду эстеерсин.Урматтуу биздин чон бок курсаак мээси жок пустой баштар ушул заалым зокурлорго олум жазасын киргизишинерди же пычышынарды коптон коп суранат элллллллем
14.07.2018. 08:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Гинеколог зордукталбаганын айтып жатса, анда кыздык белгиси бар окшойт да ?
Кайрадан текшерип көргүлө. Ошол хирургия бөлүмүнүн бөлүм башчысынан суранып көрүңүз, карап берсин.
Башка жагына зордукталса да билинет.
14.07.2018. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Кимде ким майып мунжуну,сүйлөй албаган майыптарды,о.э. жаныбарларга карата зордук зомбулук көрсөтсө 2дүйнө каргыш тиет. Кудайдын каары келет. Майып мунжулар эч күнөөсүз, эң таза наристедей болот. Аларга эчкачан кордук,зордук-зомбулук көрсөтпөгүлө. Сураныч. Өзүңөргө 2эсе. 3эсе болуп кайтат.
14.07.2018. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жаман иш болгон экен. Не ушунчалык пейил кеттиви адамдардан
14.07.2018. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жаман болуптур,чындыгына жетиш керек
14.07.2018. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Быча турган мыйзам киргизиш керек болчу
14.07.2018. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудайым ай не деген жаман корунуш, Кудайым аларга озун жардам бер кыз жакшы болуп кетсин энесине сабыр, анан тигилер (эмне деп аташты да билбей жатамын)тез эле жазасын алат буюрса
14.07.2018. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Адамдар эмне айбандан айырмабыз калбай калдыбы?- деп жазайын десем...Айбандар да мындай арамчылыкка барбайт.Зордуктабаса майып кызды неге алып качат.Аялдыкка алып качса уйуно алып бармак эшектер.Адамдар ушунчалык мээрими жок, тушунугу пас, ыплас болуп кеттикпи?...Жакшылык корбогуло бироого корсоткон жамандыгынар оз башынарга он эселеп кайтсын...
14.07.2018. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Алла жазаласын өмүр бою ошол жери жарабай майып болуп үйлөналбай балалуу болбой калышсын
Kymbatym түзөттү 2018-07-14 12:48:52
14.07.2018. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кунуго бироо зордукталды деген кабар? Бул эмне деген жашоо болуп баратат озу? Закон деген кана? Эмне эч ким эч кимден коркпой калды?
14.07.2018. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыскасы лохтор экен нормалный эркек нормалный кызга тийишет, майыпка тийишкен бул балдар лох дегенге да татыбайт
14.07.2018. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Горун куйгур бети жок энеден туулбаган эшектен туулган мал кандай колун барды!
14.07.2018. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кундо зордукталды дегенди окуп калдыкго тез арада жаны закон киргизиш керек зордукчуларды бычып ташташ керек эмнеге бийлик реакция кылбайт же аларга маалымат жетпейби
14.07.2018. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мындай жанылыктарга тан калбай эле койгула... Кыргызстандын "уровени" ушул!!!
14.07.2018. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жашабагырлар,эки дуйно каргыш тийсин акмактар
14.07.2018. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Чубак ажы айткандай кундо асынып олду зордуктады деп журналистер жазып жатса адамдын психологиясы да бузулат ошон учун жакшы жанылыктардан жазсанар башка мамлекеттин сайттарынан окубайсын мындай жанылыктарды
14.07.2018. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба кудай озун сактай кор,баардык жамандык кырсыктардан, баарыбызда кыз бар, эшике чыгарыштан коркосун, биздин депутаттар эмне кылып отурушат тушунбойсун, Бир Чон закон кабыл алганы деле билинбейт, мындай зордуктагандарга тезиреек закон кабыл алыш керек, бычып салуу боюнча, Эй экспертизада иштегендер, кудайдан коркулачы кичине, Бул дуйно убактылуу
15.07.2018. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздар озу кочодо норма баса алабызбы эми,коргойт деген кыргыз жигиттерине ишенсен кылганы бул,тоба,силерди тарбиялагандарга РАХМАТ!
15.07.2018. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айбандар ошол жериңер өмүр бойу шал болсун
16.07.2018. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омбудсмендин түз телефонуна чалгыла.Бишкекке келгиле, жардам беребиз.0312-45-06-34- Балдарды коргоо борбору.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: