super.kg logo
  Спорт  

"Челси" футболдук клубуна жаңы машыктыруучу дайындалды

 

Англиялык "Челси" футбол клубунун башкы машыктыруучусу болуп Маурицио Сарри дайындалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар клубдун расмий сайтына таянып жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Маурицио Сарри "Челси" клубу менен 3 жылдык мөөнөткө келишим түзгөн.

"Биз күйөрмандарыбызга мыкты футбол көрсөтөбүз. Биз титул үчүн күрөш жүргүзөбүз, клуб ошого татыктуу", - деген жаңыдан дайындалган машыктыруучу.

Ошол эле учурда клубдун директору Марина Грановская Маурицио Сарринин келишин кубануу менен кабыл алганын, алдыда машыктыруучудан көптөгөн жакшы ийгиликтерди күтөрүн белгилеген.

Маурицио Сарри буга чейин италиялык "Наполи" клубунун оюнчуларын машыктырып, Италия чемпионатында 2 күмүш, 1 коло медалды багындырууга жетишкен.

13-июль күнү "Челси" клубу мурдагы машыктыруучусу Антонио Конте менен келишимди токтоткон. 2017-2018-жылы "Челси" футбол клубу өз чемпионатын 5-орун менен аяктаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(4)
14.07.2018. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик каалайм. Челсинин кадыр баркын которсунчу бир убактагы Челсидей кылып.
15.07.2018. 07:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Modric10,Челсиде эч кандай кадыр барк жок.
Акчанын кулдары
15.07.2018. 07:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Челси
15.07.2018. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Челсинин башкы машыктыруучулары,
Кыргызстандын премер министрлерине окшоп бат бат алмашып турат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: