super.kg logo

Өкмөт башчы: "Бишкек ЖЭБдеги авария кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт"

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 13-июлда Экономика тармактарын жана калкты 2018-2019-жылкы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын кеңешмесине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, кеңешменин жүрүшүндө "Улуттук энергохолдинг" ишканасынын төрагасы Азамат Абдыкадыров 2018-жылдын январь-июнь айларындагы электр энергиясындагы жоготуулар электр түйүндөрүндө 12,8 пайыз ченемде орто баа менен 12,7 пайыз (802,6 миллион кВт/саат) түзгөнүн билдирди.

Өкмөт башчы факт түрүндө алганда жоготуулардын көрсөткүчү 12 пайыздан кыйла көп сумманы түзө турганын айтты.

"Бөлүштүрүү компанияларынын түйүндөрүндө электр энергияларын жоготуулар кээде 40 пайызга чейин жетет. Силер бул жерде даярдалган отчётторду айтып отурасыңар. Ансыз да жыл сайын адистер жоготуулардын кыскаргандыгы, башкаруунун жакшыруусу, ошондой эле жылуулук мезгилине толук даярдык тууралуу баяндама беришет. Ошого карабастан Бишкек ЖЭБдеги авария кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт", – деди өкмөт башчы.

Айта кетсек, 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алынган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: