super.kg logo
  Саясат  

Мискенбаев: "Мага кол салуу болсо Атамбаев эмес, азыркы бийлик тараптан болот"

 

"Эртең мага кол салуу болуп, аны азыркы бийлик Атамбаевге шылтап койсо, таң калбайм". Мындай пикирин бүгүн, 15-июлда SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев билдирди.

Ал коомчулукка тарап жаткан "Атамбаев Мискенбаевге кол салуу уюштуруп, аны азыркы бийликке шылтап, чагымчыл аракеттерди кылат" деген маалымат жалган экенин билдирди.

"Коомдогу, ар кыл сайттарга жазылган "Атамбаев Мискенбаевге кол салуу уюштуруп, аны азыркы бийликке шылтайт" деген маалыматты азыркы бийлик таратып жатат. Мага 3 айдан бери эле "тынч жүр, саясат деген жаман, балдарың жетим калышы мүмкүн" деген чалуулар болуп келе жатат. Мага кол салуу болсо Атамбаев эмес, азыркы бийлик тараптан болот. Мен азыр "мени коркутуп жатат, өлтүргөнү жатат" деп кимге барам, кимисине ишенем. Учурда Бакиевдин заманындай заманга баратабыз, буларды ошолордукундай тагдыр күтөт", - деди Мискенбаев.

Эске салсак, 4-июлда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Мээрбек Мискенбаевге кылмыш иши козголгону боюнча билдирүү тараткан.
Мискенбаев бул иш өзүнө карата саясий куугунтук экенин билдирип, "Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырсын" деген сөздү айтканымдан кийин башталды" деп айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -13 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: