19 жаштагы Килиан Мбаппе Дүйнө чемпиондугунун мыкты жаш оюнчусу аталса, Лука Модрич мелдештин мыкты оюнчусу деп табылды









15-июлда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу Франция курамасынын жеңиши менен жыйынтыкталып, мелдештин сыйлоо аземи орун алды. Сыйлоо аземде Орусиянын президенти Владимир Путин, Хорватиянын президенти Колинда Грабар-Китарович, Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана эл аралык Футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантино катышты.
Анда президенттер Хорватия курамасына күмүш, Франция курамасына алтын медалдарды тагышты. Ал эми Инфантино Уго Льориске кубокту ыйгарды.
Ошондой эле сыйлык тапшыруу аземинде бул Дүйнө чемпиондугунун мыкты футболчулары дагы аныкталды. Анда мыкты жаш оюнчу 19 жаштагы Килиан Мбаппе аталса, мыкты оюнчу деп Лука Модрич, мыкты бомбардир деп Гарри Кейн, ал эми мыкты дарбазачы деп Тибо Куртуа табылды.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
6

Алар убагында дунгуроп турган. Убакыт отту, кана эле омур бою ушинтип дунгуроп турсак. Жаштар чыгууда, бир эле Роналдо, Месси мн чектелип калбагандыр.
Сага айттыбы?
Алмаштырып алдым деп?