Бишкек-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгынан 6 адам жабыркап, ооруканага жеткирилди
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда эки унаа сүзүшүп, 6 адам жабыркады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Нарын облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 15-июлда саат 15:00 чамасында Нарын районунун Кызыл-Бел ашуусунда болгон.
Жүк ташыган унаа менен жеңил унаа сүзүшкөн. Мындан улам унаалардын айдоочулары жана жүргүнчүлөрү ар кандай жаракаттарды алышып, Нарын облустук ооруканасына жеткирилген.
"Учурда жабыркагандардын абалы жакшы. Ал эми жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат", - деди маалымат катчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.