super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 16-ИЮЛЬ: Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рысбай Аматов 43 жашка толду

 

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рысбай Аматов 1975-жылы 16-июлда Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылында туулган. Ал орто мектепти бүткөндөн кийин Кара Кулжа райондук автобазасында слесарь болуп эмгек жолун баштаган.

Эмгек жолу:

1994-1995 жылдары Орусияда жеке ишкер;

1997-2007 жылдары "ШинТорг" ишканасынын негиздөөчүсү, жетекчиси;

2005-жылдан азыркы учурга чейин "Актив Профит Трейд" ишканасын жетектеп келет;

2012-жылы Бишкек шаардык кеңешине "Ата Мекен" фракциясынан депутат болуп шайланган;

2016-жылы шаардык кеңешке "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат болуш шайланган.

Билими:

2001-жылы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин бүтүргөн;

2016-жылы Юридикалык академияны финансы административдик укук адистигине ээ болгон.

Рысбай Аматов SUPER.KG порталына билдиргендей, туулган күнүн жакын адамдары менен тосот. "Үй-бүлөм, жакын туугандарым менен туулган күнүмдү тосом. Ар бир күндү баалоо керек. Туулган күндө жакындарың келип каалоо-тилек айтканы бактылуу күн деп ойлойм", - деди Аматов.

16-июлга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: